Дүйшөмбү, Сентябрь 21, 2020

КУУда Эне тилдин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди

002018-жылдын 21-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Эне тилдин бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Тиллебаев ачып, КУУнун ректору Канат Садыковго сөз узатты. Ал бүгүнкү белгиленип жаткан датанын маңызына токтолуп, иш чаранын катышуучуларын эне тил майрамы менен куттуктады.

КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жыйындын катышуучуларын бүгүнкү майрам менен чын ыкластан куттуктап, Эне тилдин эл аралык күнү 1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун башкы конференциясында жарыяланып, 2000-жылдан баштап белгиленип келе жатканын айтты жана "Ал эмне үчүн 21-февралда белгиленет?" деген суроого жооп берди. Анткени, 1952-жылдын 21-февралында бангладештик студенттер өз эне тилин мамлекеттик тил катары кабыл алынсын деген талап менен демонстрацияга чыгышып, курман болушкан. Ошол күндү эскерүү максатында 21-февраль “Эне тилдин эл аралык күнү” деп белгиленип калган. Улуттук комиссиянын төрагасы азыркы учурдун маанилүү маселелеринин бири - жаштардын эне тилге болгон кызыгууларын арттыруу экендигин да баса белгилеп кетти.

Расмий куттуктоодан кийин Назаркул Ишекеев мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн математика жана информатика факультетинин деканынын орун басары Рахманкулов Бахтиярга, тарых жана чөлкөм таануу факультетинин ага окутуучусу Төлөбаева Элидага жана факультеттер аралык мамлекеттил тил кафедрасынын ага окутуучусу Дүйшеналиева Светага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамоталарын тапшырды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү КУУда окуган ар түрдүү улуттун студенттери катышкан сынак менен улантылды. Студенттер өз эне тилинде кыскача баяндамаларды көркөм окуп, чакан музыкалык номерлерди көрсөтүштү. Мамлекеттик тил боюнча проректор башында турган калыстар тобу алардын даярдыгына калыс баасын берип, жакшы даярдык менен келгендерге сыйлыктарды тапшырды.

press knu 2018 000

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 392 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер