Вторник, Октября 15, 2019

Кыргыз адабияты кафедрасы (19.10.2018 жаңыланды)

1. Кафедранын тарыхы

Кыргызстанда алгачкы окуу жайы 1925-жылы Агартуу институту, 1928-жылы-педтехникум пайда болгондон тартып кыргыз адабияты кафедрасы кыргыз тили кафедрасы менен бирдикте улуттук интеллигенциябызды калыптандырууга зор эмгек сиңирген.

Кафедранын алгач түзүлүшүнө Петр Кузмич Юдахин, Касым Тыныстанов, Токчоро Жолдошев, Базаркул Данияров, Калим Рахматуллин, Сатыбалды Нааматов, Касымкул Нанаев, Мамбетаалы Жаңыбаев сыяктуу окумуштуулар эмгек сиңиришип, алар кыргыз  адабият таануу илимин негиздешкен.

Кыргыз адабияты кафедрасы адегенде кыргыз тили менен бирге, андан кийин 1949-жылдан  баштап өзүнчө кафедра болгон. Тазабек Саманчин, Зияш Бектенов, Абдылдабек Самүдүн уулу (Тайгүрөңов),  Петр Балтин, Бүбү Керимжанова,  аларга удаалаш  Кулан Рысалиев, Муңдук Мамыров, Жүрсүн Суванбеков, Качкынбай Артыкбаев, Байдылда Маленов, Киреше Иманалиев, Шаршенбек Үмөталиев, Мухтар Борбугулов, Мукай Сасыкулов, Сапар Бегалиев, Заир Мамытбеков, Салижан Жигитов, Халил Бапаев, Тургун Чотбаева, Чыныкан Абдуазизова, Санарбек Карымшаков, Лайли Үкүбаева, Суусар Искендерова, Калыбек Байжигитов, Чыныбай Турсунбеков, Керимкул Абдылдабеков, Мырзабек Жумаев, Болот Акматов, Айнагүл Калчаева, Атыркүл Ибраимова  сыяктуу окумуштуулар эмгектенишип, алар кыргыз, адабият таануу илимине, адабий сынына өз салымдарын кошушкан.

Дээрлик 80 жылдан ашуун мезгил ичинде кафедраны  Тазабек  Саманчин,  Самар Мусаев, Киреше  Иманалиев, Байдылда  Маленов, Качкынбай Артыкбаев, Абдыкерим Абдыразаков сыяктуу белсемдүү окумуштуу-педагогдор жетектеп келишкен.

Азыр кафедрада илимий потенциалы жогору окутуучу-профессорлордун жоон тобу эмгектенет. Атап айтканда: ф.и.к., профессор Абдыкерим Абдыразаков; Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл жазуучусу, ф.и.к., профессордун милдетин аткаруучулар Кадыркул Даутов, ф.и.к., проф.м.а. Курманбек Абакиров; ф.и.д., проф Садык Тиллебаев, филология илимдеринин кандидаттары, доценттер: Назгүл  Турдубаева,  Медетов Аскар, Бактыбек  Баймырзаев, Жыргал Бейшеева; ф.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Сайра  Исаева, Пазилетхан Кыдырова; ага окутуучулар: Мухтар Сатыбеков, Салтанат Сагидаева; окутуучу Сабатар Эшеналиев;  кабинет башчы Шайло Айтбаева,  лаборант  Астра Бусурмановалар  эмгектенишүүдө.

2009-жылдан бери  аталган кафедрага ф.и.к., профессордун милдетин аткаруучу Курманбек  Абакиров башчылык кылууда.

Кафедра кыйла жылдар бою университеттеги кафедралар аралык эмгек мелдешинде алдыңкы орундарды ээлеп келген. Ректораттын,  парткомдун, профкомдун көптөгөн Ардак Грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын  Билим берүү министрлиги менен Эл агартуу кызматкерлеринин профсоюздарынын  Борбордук Комитетинин Ардак Грамоталарын алган.

Кафедра жогорку окуу жайлар, илимий мекемелер үчүн  көптөгөн  кадрларды даярдап берди. Профессор Сапарбек Закиров факультеттеги кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчылыгына, доцент  Курманбек Абакиров К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университетинде факультеттин декандыгына, филология илиминин доктору, профессор Лайли Үкүбаева   Бишкек  гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетинин декандыгына, андан  соң  кыргыз-түрк «Манас» университетинин түркология факультетинин башчылыгына, филология илиминин доктору Суусар Искендерова БГУнун кыргыз адабияты кафедрасынын башчылыгына, мамлекеттик тил жана илимий иштер боюнча проректорлугуна, филология илимдеринин кандидаты Айнагүл Калчаева Бишкек коммерциялык колледжинде кафедра башчылыгына, филология илимдеринин доктору Калыбек Байжигитов улуттук университетибиздин декандыгына, кафедра башчылыгына көтөрүлгөн. Мындай мисалдарды  дагы  узартууга  болот.

Профессор К.Артыкбаевдин, профессор А.Абдыразаковдун жетекчилиги менен филология илимдеринин  ондогон  кандидаттары  даярдалды. Ал эми профессор А.Абдыразаков, проф.м.а. Кадыркул Даутовдун, ф.и.д. Садык Тиллебаевдин жана проф.м.а. К.Абакировдордун жетекчилиги менен бир нече аспиранттар илимий иштерин улантышууда.

Кафедранын байланыштары да ар түрдүү.  Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинин казак адабияты  кафедрасы, Казак   энциклопедиясынын башкы  редакциясы, Өзбекстандагы   Бакмал районунун кыргыз орто мектептери, Кытай Эл Республикасынын Синь-Цзянь педагогикалык университети, Кызыл-Суу-кыргыз автономиялуу областы,  Кызыл-Суу кыргыз басмасы, Пекиндеги  аз улуттардын  борбордук  институту  менен  тыгыз   байланыштар бар.

Кыргызстандын чегинде Улуттук жазуучулар союзу, Кыргыз телерадиокомпаниясы, Кыргыз илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек,  Ош, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад,  Баткен шаарларындагы жогорку окуу жайлары,  Кыргыз билим берүү академиясы, «Учкун»,  «Акыл» акционердик коомдору, Бишкек шаардык  мамлекеттик администрациясы жана көптөгөн атайын билим берүүчү жана орто мектептер менен үзгүлтүксүз байланышта иш жүргүзүлүүдө.

2. Кафедра башчысы

Абакиров Курманбек

abakirov zav

3. Кафедра мүчөлөрү

Абдыразаков Абдыкерим

abdrazakov

Даутов Кадыркул

dautov

Тиллебаев Садык

tillebaev

Айтбаева Шайлоо

aitbaeva

Баймырзаев Бакыт Акылбекович

baimyrzaev

Исаева Сайра Нуркасымовна

isaevsa

Сатыбеков Муктар Эсенгелдиевич

satybekov

Турдубаева Назгуль Шаршеналиевна

turdubaeva