Шаршемби, Февраль 24, 2021

КУУда диний экстремизм жана терроризм маселелери талкууланды

00

17 жана 20-февраль күндөрү башкы имараттагы чоң жыйындар залында диний экстремизмдин, терроризмдин жана улуттар ортосундагы карама-каршылыктын алдын алуу, о.э. Кыргызстандын жарандарын согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарга жөнөтүүгө жол бербөө маселелерин талкуулаган жыйындар болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлү менен бардык жождордо, анын ичинде КУУда, өтүп жаткан иш-чарага 17-февраль күнү кыргыз-европа, тарых жана чөлкөм таануу, эл аралык байланыштар жана чыгыш таануу, журналистика факультеттеринин студенттери_катышса, 20-февраль күнү - экономика, чет тилдер, математика жана информатика, химия жана химиялык технологиялар факультеттеринин студенттери катышты.

Жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысынын орун басары Марлен Жайнаков, аталган бөлүмдүн кызматккери Бегимай Олжобай кызы,_Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Жумадил Маматжанов, теолог-эксперт Бегалы Эгембердиевдер студенттерге диний экстрелизмдин, терроризмдин жана улуттар ортосундагы карама-каршылыктын алдын алуу, о.э. Кыргызстандын жарандарын согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарга жөнөтүүгө жол бербөө боюнча баяндамаларды жасашып, студенттердин_көптөгөн суроолоруна жооп беришти.

Иш чарага КУУнун мамалекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Тиллебаев да катышып, козголгон маселелер боюнча өз оюн айтты жана келген меймандарга ыраазычылыгын билдирди.

press knu 2017