Шаршемби, Февраль 24, 2021

КУУнун ректору Ирандын маданий өкүлчүлүгүнүн башчысын кабыл алды

00

2017-жылдын 16-февралында КУУнун ректору профессор_Чынара Адамкулова_Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Али Хакимпур мырзаны кабыл алды. Жолугушууда Кыргыз улуттук университети менен Ирандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Али Хакимпур мырза КУУнун ректоруна Тегеран университети менен Мешхед университети тууралуу кенен маалымат берип, алар менен Улуттук университеттин ортосунда кызматташтыкты орнотуу боюнча өз салымын кошууга даяр экенин билдирди.

Чынара Адамкулова эки мамлекеттин университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты орнотуп, андан ары өнүктүрүү багытында жасап жаткан иштери үчүн Ирандын маданий өкүлчүлүгүнүн башчысына рахмат айтып, жогоруда айтылган же башка_университеттер менен болсо да Улуттук университет кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушууга о.э. окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев жана эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Бакыт Келдибеков катышты.

01

02

03

04

07

08

09

press knu 2017