Бейшемби, Июль 29, 2021

ФИИТте болочок программисттерди тосуп алуу аземи өттү

2016-жылдын 15-ноябрында маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Факультеттин деканы Кубанычбек Жумабеков менен тарбия иштери боюнча декандын орун басары Зарина Кабаева болочок программисттерге символикалуу "Сынак китепчесин" жана "Билим ачкычын"  тапшырышты.

Андан сырткары, кафедра башчылары чыгып, азыркы мезгилдин талабына ылайык программистерди даярдоо - эң таатал иш экендигин баса белгилешти.

Салтанатуу иш-чара концерттик программа жана кызыктуу конкурстар менен уланды.

press knu 2016 00