Четверг, Октября 17, 2019

Юрколледждин студенттери Ак үйгө экскурсияга барышты

002016-жылдын 17-октябрь күнү юридикалык колледждин студенттери Ак үйгө экскурсияга барып келишти. Эң алгач алар Жогорку Кенештин жыйындар залында өтүлгөн сессияга катышты. Андан кийин эл өкүлдөрү менен коноктор бөлүмүндө бетме-бет кездешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, ойго салган суроолорго жооп алышты.

Саякат учурунда студенттер имараттын ичин толугу менен кыдырып, китепкана жана компьютердик зал менен таанышты. Болочок юристтердин айтымында, бул иш-чара аларга өзгөчө таасир берип, кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

press knu 2016 00