Шаршемби, Февраль 24, 2021

КУУда "Эне тилдин эл аралык күнүнө" арналган маданий иш-чара өткөрүлдү

alt2016-жылдын 19-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында 21-февралда белгиленүүчү "Эне тилдин эл аралык күнүнө" арналган салтанаттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Жыйындын расмий бөлүгүн мамлекеттик тил боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, 1952-жылдын 21-февралында бангладештик студенттер өлкөнүн борбору Дакка шаарында өз эне тилин мамлекеттик тил катары кабыл алуу талабы менен демонстрацияга чыгышкан. Тартип сакчылары менен болгон кагылышта көптөгөн студенттер курман болуп, аларды эскерүү белгиси катары 21-февраль Бириккен Улуттар Уюму тарабынан "Эне тилдин эл аралык күнү" деп жарыялаган. 

 

Иш-чаранын концерттик бөлүгүндө Улуттук университеттин студенттери кыргыз, казак, орус, кытай, корей, испан, өзбек жана тажик тилиндеги ыр, бийлерди аткарышты.

 

Мамлекеттик тил (каф. башчысы - Алымова Айтбүбү) жана расмий тил (каф. башчысы - Исакова Айгул) кафедраларынын жамааты тарабынан уюштурулган бул салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

alt