Ишемби, Ноябрь 28, 2020

1989-жылдын 15-февраль күнү...

altБул күн - миңдеген үй-бүлөлөр кайгы-капа, муң-зар жана күтүүдөн арылып, миңдеген энелердин жүрөгүнө жылуулук тартууланган күн. Анткени, так ушул күнү – Советтик аскерлер Афганистандын аймагынан өз Ата-Мекенине кайтып келишкен. Тарыхый бул күн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде унутта калтырылбай, бир катар иш-чаралар уюштурулду.

13-февраль күнү факультетинин студенттери афган согушунун ардагери Калдыбаев Бердигул Абдырасулович менен жолугушууга катышышты. Ардагер агай афган согушунун тарыхый орду, анын кесепеттери, советтик жоокерлердин эрдиктери, патриоттук сезимдери жана мекенчилдиги тууралуу айтып өткөн соң, активдүү студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди. Студенттерди согуш учурундагы кыйынчылыктар, мекенге болгон сагынычтар жана афганчылардын бүгүнкү коомдогу орду, мамлекет тарабынан социалдык жеңилдиктери кызыктырды.

Жолугушуунун аягында "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" кафедрасынын жетекчиси Нурматова Гүлсайра Асановна жана "Мамлекеттин социалдык-экономикалык саясаты" кафедрасынын доценти Самаков Расылбек Сырдыбаевич сөз сүйлөп, кыргыз жергесинде ар дайым тынчтык өкүм сүрүшүнө тилектештигин билдиришти жана Бердигул Абдырасуловичтин иштерине ийгилик каалап, согуштагы эрдиги үчүн ардагерге жалпы коллективдин атынан ыраазычылык билдиришти.

Жолугушууда студенттердин мекенчилдик сезимдери ойгонуп, афганчылардын эрдигин урматтоого үйрөнүштү деген тыянакка келдим.

Факультетте о.э. 15-февралда 1-2–курстардын студенттеринин арасында “Биз эстейбиз...” аталышындагы дубал газеталардын конкурсу болуп өттү. Конкурска жалпы студенттер активдүү катышып, тарых барактарын эскеришти. Конкурстун жыйынтыгында 1-орун ГСК-1-12 группасынын студенти Исманов Азаматка, 2 орун – ГОС-1-12 группасынын студенттери Кожобеков Бекжанга, Оморова Айнурага, Акматов Эмирге ыйгарылды. 3-орунду ГСК-1-13 жана ГОС-1-13 группасынын студенттери ээлешти.

Бул иш-чараларга улай эле, 15-февралда факультеттин 1–курс студенттери Афган согушунда курман болгон аскерлердин эстелигине гүл коюп келишти.

Ар дайым кыргыз жергесинде тынчтык орноп, Ата-Мекенин коргоого даяр эр-азаматтардын көбөйө берсин!

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган:

Нуразиз Шайырбек уулу - мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 2-курс студенти