Бейшемби, Январь 28, 2021

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери “Светлый путь” балдар үйүнө барып келишти

alt2013-жылдын 12-ноябрында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери “Балдарга бакыт тартуулайлы!” деген ураандын астында Бишкек шаарынын 8-кичирайонунда жайгашкан “Светлый путь” балдар үйүнө барып келишти. Иш-чаранын демилгечилери - факультеттин студенттери. Уюштуруучулар балдарга чакан белектер менен бирге таттуу момпосуйларын жана жемиштерин алып барышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тарыхчы-студенттер балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын жашоо шартыменен таанышып, балдар менен аңгеме-дүкөн курушту жана алар менен чогуу оюндарды ойношту. Өз кезегинде балдар ыраазычылык билдирип, студенттерге ырдап, бийлеп да беришти.

Белгилей кетчү нерсе, бул иш чара факультетте биринчи жолу болгон жок. Өткөн жылы алар карылар үйүнө да барышкан. Студентердин айтымында, мындай иш чаралар дагы да улана бермекчи.

Жолугушууга факультеттин 3-курс студенттери Акматкалыева Назира, Усубакунова Айдай; 2-курс студенттери Сулайманов Чолпон, Турсунбекова Айзада, Бейшенбеков Бакыт, Асылбекова Акылай, Сонколова Сүйүн, Садыралы кызы Марал, 1-курсн студенттери Канатбек кызы Жакут, Райка кызы Минзада катышты.

Студенттер менен бирге балдар үйүнө булак таануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын окутуучусу Турсунова Элизат жана аталган кафедранын методисти Жумабек кызы Жыпара да барып келишти.

Материалды даярдаган:

Жумабек кызы Жыпара - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин методисти

  • Image folder specified does not exist!
  •