Бейшемби, Январь 28, 2021

КУУнун тарыхчы-окумуштуулары Түркмөнстандагы эл аралык конференцияга катышып келишти

alt2013-жылдын 17-20 сентябрында Түркмөнстандын Дашогуз шаарында “Махмуд палван жана ХIII-кылымдагы түркмөндөрдүн маданий турмушу“ аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Түркмөнстандын Илимдер академиясынын Улуттук кол жазмалар институту тарабынан уюштурулган бул иш-чарага АКШ, Англия, Испания, Италия Иран, Ирак, Индия, Түркия, Корея, Алжир, Египет, Тунис, Марокко, Иордания жана КМШ мамлекеттеринен 400дөн ашуун тарыхчы-окумуштуулар катышты. Конференцияга КУУнун окумуштуулары т.и.д, профессор Б.М Жумабаев жана профессор А.Турдугуловдор катышып, докладдар менен чыгып сүйлөштү.

Эл аралык конференцияда 5 секция иштеп, 100дөн ашуун илимий докладдар окулду.

“Махмуд палван жана анын доору" деп аталган 2- секцияга т.и.д, профессор Б.М.Жумабаев жетекчилик кылды.

alt

alt

alt

Материалды даярдаган:

Жумабек кызы Жыпар - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин методисти