Среда, Августа 21, 2019

Абакир Калыбеков: "Чыгыш күнжылсанагы"

alt

Абакир Калыбеков

КУУнун ага октуучусу

Чыгыш күнжылсанагы

Дүйнө элдеринин басымдуу көпчүлүгү расмий колдонгон жылсанак Рим императору Юлий Цезардын демилгеси менен б.з.ч. 46-ж. Александриялык астроном Созиген Күндүн жылдык кыймылына негизделген жылсанак(календарь) түзгөн. Жылдын узактыгы 365 сутка 6саат деп кабыл алынып, эсептөө ыңгайына карап ар бир төрт жылдын биринчи үч жылы 365сутка , ал эми төртүнчү жылы 366 сутка (високос жылы) менен эсептелген. Жыл 12 айга бөлүнүп, ар бири 30, 31, 28 же 29 күндөн турган. VI кылымда сак урууларынан чыккан Рим монахы Дионис – Кенженин сунушу менен Исиус Христотун тууган күнү Юлий жылсанагынын башталыш датасы 1-жылдын биринчи күнү деп кабыл алынган. Күндүн асман сферасындагы чыныгы кыймылынан 11минута ашык болгондуктан (тропикалык жыл 365 сутка 5саат 48 мин. 46 с.) жазггы күн-түн теңелүү күнү жыл эсебинен 128 жылда бир суткага жылышып калган.      

XVI к. чейин католик чирөөсү юлий жылсанагын расмий колдонушкан. Жазгыкүн-түн теңелген күн менен аныкталган Пасха майрамы 10 күнгө жылышып кеткендигине байланыштуу 1582-жылы Рим папасы Григорий IIIтүн буйругу менен жылсанак реформасы жүргүзүлүп, юлий жылсанагынын 5-октябры 15-октябрь деп кабыл алынган. Реформа боюнча жүздүк менен аяктаган жылдар (1700, 1800, 1900, 2000-жылдар) толук эмес жылдар болуп, юлийжылсангында катаны 26 сек чейин азайткан.

Такталган Григорий жылсанагы Күндүн жылдык кыймылына дал келген менен кемчиликтери көп: жылдын башталышы астрономиялык мезгилдерге дал келбейт; айларда сутка саны артүрдүү; айдын башталышы жуманын күндөрү менен дал келбейт; бир да космостук ритмдер же биоритмдер менен байланышпайт.

Чыгыш элдери б.з.ч. IV-III миң жылдыкта эле жыл эсебин жазгы күн-түн теңелгенде “Нооруз” майрамын өткөрүшүп, жыл эсеби нооруздан башталарын Саймалы-Таш петроглифдери далилдейт. ОртоАзиялыкулууокумуштууларАль-Хорезми (IХк.) жанаБерунинин (Хк.) эмгектерин улантып ХI к. улуу математик жана астроном О. Хайям тарыхтагы эң так күн жылсанагын түзгөн. Бул жыл санак боюнча 33 жылда 8 високос (толук) жылы киргизилген. Тропикалыкжылдан 22 секундаайрымаланып, 4500 жылдабирсуткакатакетирет. ОрбитасыэллиписболгондуктанЖердинылдамдыгытурактууэмес. Жержолунунжарымын (21-марттан 23-сентябргачейин) 186 күндө, алэмиэкинчижарымын 179 күндөөтөрүнэскеалып, жазгыжанажайкыайлар 31күндөн, күзгүжанакышкыайлар 30 (29) күндөнэсептелген. О. Хайямдын жылсанагы азырга чейин Иранда, Индияда расмий улуттук жыл санак катары колдонулат. Орто Азиянын союздук республикалары 1920-жылга чейин колдонушкан. Кыргызстандын дыйканчылык өнүккөн аймактарында күн жылсанагын бир аз өзгөртүлгөн формада колдонулгандыгы тарыхий - этнографиялык булактарда (Абрамзон С.М., Юдахин К.К., Карасаев Х., Сейдакматов К., ж.б.) сакталган.

Кыргыздар жылды 365 күн деп эсептеп, ар бири 91күндөн болгон 4 мезгилге бөлгөн. Калдыккалган 1 күндү(20-март) “таразанын күнү” же “нооруз” деп атап, күн эсебине кошулган эмес. “Манас” дастанында “ Тараза жылдыз батканда, таң агарып атканда” деген саптар менен жылсанактын кайсы күнү экендигин аныктап турат. Эки миң жыл илгери күн менен түн теңелгенде Тараза жылдыз таң алдында батып кеткен. “Таразанын күнү” аталыш да ушул астрономиялык кубулушка байланыштуу аныкталган.

Кыргыздардын Күнгө карата жылсанагында жыл мезгилдеринин ар бир айы 30, 30, 31 күндөн так бөлүнгөн. Айлардын аттары зодиак топжылдыздары менен аталган. Мындай так эептөөлөрдү ар бир өрөөндүн элдик астрономдору – эсепчилери жүргүзүшкөн. Ыссык-Көлдүк Манаке эсепчи (1830-1917) жазда жана күздө күн менен түн теңелгенде, жайкы жана кышкы күн токтолгондо жаңы чыккан күндүн шооласын кереге-ууктарда белгилери болгон экен (Казакбаев М.Ы. Астроном жана касиеттүү Манаке. Б. 1996. 70-б.). Кыргыз боз үйүнүн түндүгү Ааламга ачылган терезе болуп, обсерватория катары кодонушкан. Кетмен-Төбөлүк Султанаалы казы (1869- 1942) боз үйүн күн чыгыш каратып тигип, эшиктин алдында бийик мамы орнотуп, мерчемдүү жылдын мезгилдеринде Күн чыкканда жана батканда мамынын көлөкөсүнө таштан белги койгон. Мындай астрономиялык байкоо пункту так күн жылсанагын түзүүгө негиз болгон (2-сүрөт). (Калыбеков А. Султанаалы казынын обсерваториясы. Кыргыз Руху. 7-13-октябрь.)

 alt   

1-сүрөт. Ноорузда алгачкы кош айдоо. Күн жылсанагынын башталышы.

alt                                         

2-сүрөт.Султанаалы казынын обсерваториясы

 

НООРУЗ – Жазгы күн-түн теңелгенде өткөрүлүүчү чыгыш элдеринин майрамы. Кытай тарыхчыларынын (Яң Руңли, Хы Жихоң) пикиринде бул майрам кыргыздардан башка элдерге таралган деп эсептешет. Саймалы-Таштагы “Нооруздагы кош айдоо”(1-сүрөт) петроглифи б.з.ч. 4672-ж. астрономиялык кубулуш баяндалганы “STELLRIUM” компьютердик программасы (3-сүрөт) жана астрометриялык эсептөөлөр менен далилденди. 12- марттан 18 – апрелге чейин Балыктар топ жылдызында жайгашат. 21 (20) - мартта жазгы күн-түн теңелген чекитте болот. Бул күн “Нооруз” аталып, күн эсебине кирбейт. Нооруз айынын 1-күнү 22-мартка туура келет.

ҮРКӨР – Букачар топ жылдызындагы жылдыздар тобу (Плеяды). Ухер- буканын байыркы түркчө аталышы. БулЮдахинде (КРС.1965.824-б.) топжылдызатыдепберилген. Букачар (Телец) зодиак топ жылдызы Үркөр аталышнан келип чыккан. Кыргыз Күн календарын 2-айы Юдахин боюнча совур аталып, 18-апрелден 20- майга туура келет деп жазат (КРС. 649-б.). 21 – апрелде Күн Букачар зодиак белгисинде жайгашкандыктан бул үркөрайынын 1-күнү болот.

БОСОГО – Эгиздер топ жылдызын байыркы кыргыздар ушундай атаган. Алтайлыктар азыр да “Эшик”деп аташат. Уруулук эн тамгаларына кирет. Б.з.ч. IV-V миң жылдыкта жазгы күн-түн теңелүү чекити ушул топ жылдызда жайгашкан (3-сүрөт). Азыркы доордо (эпохада) 21- майда Күн Эгиздер зодиак белгисинде болот , босого айынын бири болот.Бул аталышты К.Сейдакматовдун “ Кыргыз элинин календардык түшүнүгү “(Фрунзе 1987. 28-б.) китебинде киргизген.

САРАТАН – Кыргыз күн календарынын 4-айы 21-июндан 20-июлга чейин туура келет. (Юдахин К.К. КРС .Ф.1966.636-б.). Сары атан - чоң коңуз, жайында учуп чыгат. 21-июнда Күн Рак зодиак белгисинде жайгашат, бул саратан айынын бири болот.

АСАТ – Кыргыз күн календарынын 5-айы болжол менен июль айына туш келет.(Юдахин К.К. КРС. Ф. 1965. 74-б.). Асат- Арстан (Лев) топ жылдызынын кыргызча аталышы. 21-июлда Күн ушул зодиак белгисинде болгондуктан, бул күндү асат айынын бири деп аташкан.

СУМБУЛА – Кыргыз күн календарынын 6-айы, 22-августан 21-сентябрга чейин созулат. (Юдахин 663-б.). Дева топ жылдызындагы Спика жылдызын кыргыздар Сумбула (сумбул чач-кара чач) аташат. 20-августа Күн Дева зодиак белгисинде жайгашкандыктан, бул күн сумбула айынын бири болот.

ТАРАЗА – Кыргыз күн календарнын 7-айы, 23-сентябрдан 21-октябрга чейин созулат. (Карасаев Х. Накыл сөздөр. Б. 1995. 105-б.) 20-сентябрда Күн Весы зодиак белгисинде келгендиктен, тараза айынын бири болот.

АКРАБ – Күн календарынын 8-айы, 22-октябрдан 21-ноябрга чейин созулат ( Абрамзон. С.М. Кыргыздар… . Б. 1999. 75-б.). Акраб (арабча) - чаян. 23-октябрда Күн Скорпион (Чаян) зодиак белгисинде жайгашкандыктан акрабайынын бири болот.

ЖААЧЫ – Күн календарынын 9- айы, 22 – ноябрдан 22 – декабрга чейин созулат. 19-ноябрда Күн Стрелец зодиак белгисинде болгондуктан жаачы айынын бири. (Сейдакматов. К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. Ф. 1987. 29-б.)

ТЕКЕЧЕР - Күн календарынын 10 - айы, 20-декабрдан 22-январга чейин, 20-декабрда Күн Козерог зодиак белгисинде болгондуктан текечер айынын бири. (Сейдакматов. К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. Ф. 1987. 29-б.)

КӨНӨК - Күн календарынын 11 - айы, 19-январдан 17 –февралга чейин созулат. 19-январда Күн Водолей зодиак белгисинде болгондуктан бул күн көнөк айынын бири деп аташкан .Көнөк –жылкынын терисинен жасалган чака (Сейдакматов. К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. Ф. 1987. 29-б.)

ҮТ - Күн календарынын 12 - айы, 18- февралдан 20 мартка чейин созулат (Юдахин 826-б.). 20- февралда Күн Рыба зодиак белгисинде болгондуктан үт айынынын бири деп аташкан. Үт – байыркы шумерлердин Күн кудайынын аты (Карасаев Х. Накыл сөздөр. Б. 1995.446-б.) Айрым массалык басма каражаттарда расмий колдонулган григорий жылсанагында ай аталыштарына ай-күн жылсанагын колоно калып жүрүшөт. Маселен, февраль –жалган куран деп беришет. Ай-күн жыл санагында Ай менен Күндүн жылдык кыймылдары айкалышып колдонгондуктан, күн жылсанагына салыштырмалуу 10 күн алга же артка жылышып кетет. Бул эки жыл санак бири-бирине байланышпаган системалар болгондуктан мындай колдонуу акылга сыйарлык эмес.

Азыркы кезде Түркия, Казакстан, Түркменстан григорий жылсанагына элдик айаттарын расмий түрдө колдонууга өтүшкөн. Кыргызстан да байыркы чыгыш элдери колдонгон күнжылсанагында айаттарын расмий колдонууга өтүүнү улуттук тил комиссиясы карап чыгып, академиялык талкуу өткөрүүнү сунуштайбыз.

alt

3-сүрөт. Б.з.ч. 4699-ж. 16-апрелде Босого жана Букачар топ жылдыздар ортосунда Айдын

жаңырышы күн менен түн теңелген мезгилге дал келип жыл эсеби башталган.

[сүрөт “STELLRIUM” виртуалдык планетарий программасы боюнча алынды].

Жердин прецессия кыймылынын натыйжасында Жазгы күн түн теңелүү чекити Балыктар топ

жылдызына жылып кеткен (жылына 26''бурчка жылат)

alt