Жекшемби, Январь 17, 2021

Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар факультетинде кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

2012-жылдын 14-апрелинде КУУнун маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар факультетинде студенттердин демилгеси менен кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, таймашка 1, 2, 3 жана 4-курстардын командалары катышты. Карлос Альберто Торрес, Рональдо, Франц Бекенбауэр жана Диего Марадонадан калышпаган МКТФтын футболчуларынын арасындагы айыгышкан оюндардын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду 1-курстардын командасы, 2-орунду 3-курстун студенттери жана 3-орунду 2-курстардын командалары ээлешти. Бүгүн, 16-апрелде, фаультеттин жетекчилери жеңишке ээ болгон командаларды факультеттин диплому жана кубогу менен сыйлашты. Билим алуу менен спортту чогуу алып жүргөн маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар факультетинин студенттерине окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалайбыз.

 

iikt_01 iikt_02 iikt_03 iikt_04 iikt_05 iikt_06 iikt_07 iikt_08 iikt_09 iikt_10 iikt_11 iikt_12