Вторник, Декабря 11, 2018

"ККИнин чүрөгү - 2012"

alt2012-жылдын 28-февралында балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" борборунда "Мисс ККИ-2012" шоу-сынагы болуп өттү. Жаздын келгенинен кабар бергендей болгон бул аземге келгендер өзгөчө толкундануу жана кыргыз кыздарынын сулуулугуна суктануу менен эс алып кайтышты. Иш-чара алып баруучулар Нурсултан менен Бактыгүлдүн каалоо тилектери менен ачылып, Кыргыз-Кытай институтунун 12 сулуусу сахнага чыкканда залдагы 600дөй көрүүчүлөр аларды дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Кыргыз кыздарынын ыймандуулугун, сулуулугун, таланттуулугун жана тазалыгын даңктаган бул сынактын катышуучуларын алардын күйөрмандары (группалаштары, достору, туугандары) колдоп, зал жаңырта кол чаап турушту.

Өткөн замандарда жаздын келиши менен хандар жаштарга кыз куумай, селкинчек, жоолук таштамай сыяктуу оюндарды уюштуруп, аларды турмуштагы ар кандай кыйынчылыктардан алаксытып, жашоого умтултуп, терс энергиядан арылууга жардам беришчү экен. Азыр да кыштын суугу кетип, жаздын келишинен кабар берген бул шоу-сынак жаштарга чексиз кубаныч алып келгени залдагы жаштардын конкурсанттарга кошулуп ырдап, бийлеп отурганынан сезилип турду. Кыздардын кесипкөй моделдерден кем калбай сахнада өздөрүн эркин алып жүргөнүн көрүп, алардын студент экенин жана биринчи ирет сынакка катышып атканына да ишенбей кетесин.

Шоу-сынактын калыстар тобуна Кыргызстанга белгилүү искусство ишмерлери, профессорлор жана ишкерлер киришти. Атап айтканда: Юристанбек Шыгаев - Кыргыз Республикасынын эл художниги, Назира Мамбетова - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы, Болот Токтобаев - Кыргыз-Кытай институтунун директору, Бакыт Байсариев - "чыгыш бийлеринин жылдызы" (калыстар тобунун төрагасы), Марипа Сыдыкбаева - белгилүү балерина, Шайлоо Акмолдоева - профессор, философия илимдеринин доктору, Нурдин Жуматаев - АО "Камкордук", Гулнара Кадырканова - "Мэри Кей" бизнес группасынын лидери жана Бертран Дебутейон. Сынактын жүрүшүндө алар конкурсанттарга өздөрүнүн так, калыс бааларын бергенге аракет жасашты. Бирок, “чоң тойдо кыз жоголот” демекчи, кээ бирлери сахнадагы шоуга аябай берилип кетишип, аягында баа берүүдө сынактын катышуучуларын алмаштырып алгандары да болду.

kki_02 kki_03 kki_05 kki_05_1 kki_06 kki_07 kki_08 kki_09 kki_10 kki_11 kki_14 kki_15 kki_16 kki_17 kki_18 kki_19 kki_20 kki_21 kki_22 kki_23 kki_24 kki_25 kki_26 kki_27 kki_28

Сулуулар сынагына Кыргыз-Кытай институтунун төмөндөгү студенткалары катышышты: Жайнагүл Нурдинова, Айзада Раимкулова, Жайнагүл  Анарбаева, Аймээрим Айдарова, Азема Жумабекова, Хадича Арвазова, Алина Мирлан кызы, Альбина Султангазиева, Ильяна Мукашова, Зарина Нурбекова, Айпери Майрамбек кызы жана Бермет Абирова. Таймаштын жүрүшүндө алар "Катышуучунун презентациясы", "Үй тапшырма", "Улуттук кийимди көрсөтүү", "Интеллектуалдык суроолор" жана "Кечки азем көйнөктү көрсөтүү" номинациялары боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Сынактын тапшырмалары, алардын ортосунда Ата-Мекенди, жазды, энени, сүйүүнү даңктаган ырлар биринин артынан бири чубуруп, төрт саатка созулган салтанаттуу аземдин аягында калыстар тобу сынактын жыйынтыгын чыгарышып, "Мисс ККИ - 2012" наамын 1-курстун студенткасы Аймээрим Айдаровага ыйгарышты. Ал эми Айзада Раимкулова - "Мисс - Көрүүчүлөрдүн симпатиясы", Бермет Абирова - "Мисс - Грация", Ильяна Мукашева - "Мисс - Кемтиксиздик", Азема Жумабекова - "Мисс - Жылмайуу", Зарина Нурбекова - "Мисс - Мэри Кей" номинациялары боюнча жеңип чыгышы. Иш-чаранын спонсорлору байгеге ээ болгон кыздарга өз белектерин тапшырып жатышып, "эң сулуу кыздар Кыргыз–Кытай институтунда", - деп баса белгилешти.

alt

Аймээрим Айдарова

Мисс ККИ - 2012" шоу-сынагынын жеңүүчүсү

Кыргыз-Кытай институтунун 1-курсунун студенткасы

Шоу-сынактын соңунда Кыргыз Республикасынын жаштар жана эмгек менен камсыз кылуу министрлигинин өкүлү бүгүнкү аземдин уюштуруучусу, доцент Гульнура Төрөгельдиевага аталган министрликтин Ардак грамотасын тапшырды. Сыйлык ээси сынакка катышкан кыздарга жана аларга колдоо көрсөтүшкөн ата-энелерге, ал эми ата-энелер - балдардын талантын ачкандыгы үчүн уюштуруучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.

kki_29 kki_30 kki_33 kki_34 kki_35 kki_36 kki_37 kki_38 kki_39 kki_40 kki_41 kki_42 kki_43 kki_44 kki_45 kki_47 kki_48 kki_48_1 kki_49 kki_51 kki_52