Бейшемби, Январь 28, 2021

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенти Бердибек уулу Жакшылык Ардак грамота менен сыйланды.

2011-жылдын 27-декабрында, Чоң жыйындар залында КУУнун мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган "Курманжан датка - улут сыймыгы " аттуу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары аралык студенттик конференция болуп өттү. Иш-чараны мамлекеттик тил боюнча проректор Үмүт Култаева ачып, өз каалоолорун айтты. Курманжан датканын Камчыбек уулунан тараган чебереси, тарых илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин доценти Турсунай Өмүрзакова конференциянын катышуучуларына кызыктуу баяндама жасап берди.


Конференцияда Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенти Бердибек уулу Жакшылык Курманжан даткага арнап чыгарган ырын окуп, Ардак грамота менен сыйланды.