Бейшемби, Январь 28, 2021

КУУнун журналистика факультетинин студенттери флешмоб өткөрүштү

Бүгүн, 2011-жылдын 7-декабрында, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин студенттери «Манас FM» радиосунун жыштыгынан жаңырган Улуттук университеттин «Баласагын булагы» аттуу уктуруунун бир жылдыгына арналган флешмоб өткөрүштү. Бул иш-чаранын демилгечилери - журналистика факультетинин теле-радиожурналистика кафедрасынын окутуучулары жана экинчи курстун студенттери. Акция Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында башталып, Жаштар аллеясында студенттеринин жүрүшу менен улантылды. Флешмобдун соңунда КУУнун башкы имаратынын алдындагы аянтчада «Баласагын булагы» уктуруусунун гимни  ырдалып, Жусуп Балсагындын эстелигинин алдында студенттер факультеттин жетекчилери менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

mob_1_1 mob_1_2 mob_1_3 mob_1_4