

“Кыргызстандын тарыхы” кафедрасына 50 жыл
02.12.2011 17:21
Бүгүн, 2011-жылдын 2-декабрында, КУУнун Чоң жыйындар залында Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин “Кыргызстандын тарыхы” кафедрасынын 50 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйынды факультеттин деканы Бектемир Жумабаев ачып, бүгүнкү иш-чарага кафедраны түзүүгө катышкан инсандардын туугандары, кафедрада иштеп кеткендер, бүтүрүүчүлөр катышып аткандыгын белгиледи жана сөздү КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидиновго берди. Ректор бүгүн Улуттук университетте эң маанилүү жана мазмундуу конференция өтүп жатканын белгилеп, кафедранын мааракесине карата чыгарылган “Полувековой путь кафедры Истории Кыргызстана” аттуу китептин авторлоруна ыраазычылыгын билдирди жана бул китеп – университеттин 80 жылдыгына арналган чоң белек экендигин, ал университеттин мааракесине арналган китеп көргөзмөсүнө коюлаарын айтты.
Андан ары университеттин жетекчиси КУУнун 80 жылдыгын өткөрүү боюнча башында ректордун кеңешчиси, академик Аскар Какеев турган топ иштеп атканын кабарлап, тарыхчылардан ал топко жардам берүүнү суранды. Сөзүнүн аягында Искендер Исамидинов Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин, анын ичинде мааракеси өткөрүлүп аткан кафедранын жалпы жамаатына чын ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.
Ректордун куттуктоо сөзүнөн кийин салтанаттуу жыйындын иши күн тартиби боюнча уланып, төмөндөгү докладдар окулду:
- Ж.Ж.Жакыпбеков, профессор: “Профессор Б.М.Зима – кафедранын уюштуруучусу жана башчысы”
- Т.Ж.Жоробеков, профессор: “Кафедранын ишмердиги, окуу процессиндеги орду жана келечектеги мерчемдери”
- Ж.К.Момбекова, профессор: “Б.Ч.Чокушовдун илимий-педагогикалык ишмердиги”
- Т.И.Асанов: “Профессор Дж.С.Бактыгулов – кафедра башчы жана көрүнүктүү илимпоз”
Докладдардан соң салтанаттуу жыйындын катышуучулары факультеттин эмгек ардагерлеринин эскерүүлөрүн жана коноктордун куттуктоолорун угушту.















