Вторник, Сентября 17, 2019

Т.Иманкожоев: "Революциялардын, бүгүнкү күндөгү демократиялуулуктун, парламенттик башкаруунун башаты – көчмөнчүлүктө"

Элдик Апрель революциясынын 8 жылдыгына карата

Революциялардын, бүгүнкү күндөгү демократиялуулуктун, парламенттик башкаруунун башаты – көчмөнчүлүктө

imanojoev 00Иманкожоев Таалайбек Асанович

Ж.Баласагын атындагы КУУнун

философия кафедрасынын

доценти

«Бу Радищев дегениӊ – козголоӊчу, Степан Разинден, Пугачёвдон да жаман! Пугачёв падыша болумуш этип, жеке бийлөөчүлүктү уланткан, ал эми Радищев Россиядагы революция тууралуу, республиканын орнотулушун ойлогон!» (Екатерина II)

Элдик революция демекчи, «бышылуу аштын ээси көп» дегендей, убагында экс-президент К.Бакиевди жерге-сууга тийгизбей мактап жүрүшкөндөр ошол 2010 жылдын апрель окуясынан кийин эле элдик баатырлар, революционерлер болуп чыга келишти. Улуттук университеттин административдик жамааты ошол 2010 жылдын 24-мартында Бакиевдин бийликке келгенинин 5 жылдыгына арнап, атайын илимий-практикалык конференция өткөрүшкөн. Конференцияда К.Бакиевдин үй-бүлөлүк, чайкоочулук саясатына каршы сын пикири менен чыккан үч киши: улук окутуучу Ж.Кудайбергенов («Миграциялык процесстер жана алардын Кыргызстандын социалдык-саясый коопсуздугуна тийгизген таасири» аттуу баяндама), Анарбек уулу Искендер («Кыргызстандын тышкы саясаты 2005 жылдын март окуяларына чейин жана андан кийин» аталыштагы баяндама) жана мен («Бүгүнкү күнкү жакырчылык эртеӊки күндүн ынкылабы эмеспи?» деген баяндама) болгом. Бул баяндамалардан улам бизди ректоратка бирден чакырып, сурак жүргүзүшкөн. «Кайсы партиядансыӊ?» деген суроо берилгенде Жолдош эч тартынбай, коркуп-үркпөй: «Оппозициядагы «Замандаш» партиясынын алдыӊкы саптагы мүчөсүмүн!» – деп, башын бийик көтөрүп жооп берген. А мен болсо, учурда эч кандай партияда жок экенимди айтып, кээ бир атка минер саясатчыларга окшоп Коммунисттер партиясынын бийлиги учурунда коммунист боло калып, Акаевдин заманында «Алга, Кыргызстан!» партиясында боло калып, эми азыр «Ак жол» партиясынын камчысын чаап, улам кубулуп турчу адамдардан эмес экенимди айтып, Совет доорунда айылда суу сугарып, дыйканчылык кылып, ак эмгегим менен Коммунисттик партиянын катарына өткөнүмдү, азыр да ошол ишеним менен жашап, дайым эл тарабында экендигимди билдиргем. Ошондо конференцияда катышып отурган бакиевдик бийликтин кошоматчылары: «Сен, бала, каяктагыны айтып отурасыӊ? Кайдагы үй-бүлөлүк башкаруу? Кайдагы жакырчылык? Кайдагы революциялык кырдаал? Баарыбыз жыргап эле жашап атпайбызбы?» деп, коомубуздун жарылганы араӊ турган чыӊалуусун байкашкан эмес. Байкашса да, бийликке кошоматчылыгы басымдуулук кылып, байкагылары келишкен эмес. Революциянын эртеси, жарым жыл кийинки өткөрүлгөн конференцияда ошол эле кошоматчылар: «Иманкожоев накта философ, прагматик турбайбы, мына анын айтканы келип отурат», – деп, мактап чыгышкан. Айтарым, 2010 жылдын апрель революциясынын шейит кеткен баатырлары Жолдош Кудайбергенов менен Мырзабек Жумаевдин жана башкалардын каармандыктарын унутпай жүрөлү деген эле кеп.

Ошол мезгилде Кыргызстандагы бардык оорудан эӊ эле кооптуусу – бул калктын негизги бөлүгүнүн улам күчөп маргиналдашуусу (коомго керексиз адамдардын көбөйүүсү) болгон, ушундан улам коомдун бөлүнүп-ажырымдалуусу ченеп болгус өлчөмгө чейин жеткен. Көптөгөн маалыматтарга караганда, калктын 10%ын араӊ түзгөн «жаӊы кыргыздар» шумдуктуудай кан сарайларды куруу, бөтөнчө кымбат лимузин, хаммерлерди сатып алуу менен алектенип жаткан маалда, республиканын калкынын 90%дан ашууну айына 20дан 50 долларга чейинки өлчөмдөгү пенсияга, жөлөк пулга жана эмгек акыга алымсынуу менен, жакырчылыктын жетер чегине жетип, аргасыз темселөөнүн үстүндө эле. Андан да бири-бирине кескин ажырымдыкта турган даӊазалуу «ак сөөктөр айылы» (царское село) жана Бишкектин «жаӊы курулуш» деп аталып, азаптуу жашоодо күн кечирип жаткан «жакырчылык курчамы» пайда болгон. Кажы-Сай, Хайдаркан, Миӊ-Куш, Найман, Сүлүктү, Көк-Жаӊгак ж.б. сыяктуу көп миӊ калктуу бүтүндөй шаарчалар азапта калганы баарыга жакшы маалым. Бул жактардан адамдар табигый кырсыгы жок туруп эле үйлөрүн, социалдык жана өндүрүштүк объектилерди таштап, ансыз да татаал абалды дагы да оорлоштуруп, чоӊ шаарларга кетип калышкан. Мисалы, жеке Көк-Жаӊгакта, Кажы-Сайда 20 миӊден көп тургундан 50%ы эле калган.

Албетте, жакырчылык – ар кандай коомдун мүнөздүү белгиси, кедейлердин жана байлардын болушу бардык мезгил-доорлордогу бардык мамлекеттерге тийиштүү кубулуш. Бул көйгөйдүн көрүнүктүү изилдөөчүлөрүнүн бири Г.Спенсер мындай деп жазат: «Кедейлик – коомдун толук мыйзамченемдүү көрүнүшү». Анын «Социалдык статистика» китебинде айтылгандай, «кедейдик менен теӊсиздик коомдук өндүрүштүн өсүп-өнүгүүсүнөн улам пайда болот жана ага ылайык өсүп жүрүп отурат. Бирок өндүрүштү токтотууга болбойт, демек жакырчылыкты да жок кылуу мүмкүн эмес». Жакырчылык советтик мезгилде да жашап келген, болгону идеологиялык кызыкчылыктардан улам «кедейлик» термининин ордун «аз камсыз болгон» түшүнүгү колдонулган. Кедейлик ошондой эле азыркы өнүккөн Батыш өлкөлөрүнүн да ажыратып болгус атрибуту бойдон калууда. Анткен менен ал жакта маргиналдар (жашоосуна нааразылар) байлар сыяктуу эле коомдун аз гана бөлүгүн түзүп турушат, алардын ортосунда ортоӊку катмардын көп сандагы массасы жайгашкан, булар туруктуулукту сактоочу фактор, коомдун туруктуулугунун социалдык гаранты катары чыгышат. Мисалы, Францияда байлар жана кедейлер 10дон пайызды түзүп, ал эми калган масса (80%) ортоӊку катмар болуп эсептелинет.

Постсоветтик Кыргызстандын социалдык кырдаалынын кейпи суук мүнөзү көбүнчө саясий системанын өркүндөтүлбөгөндүгү жана ал жүргүзгөн социалдык-экономикалык саясаттын зыяндуулугу менен түшүндүрүлөт. Баарыга белгилүү, тынч «телеграфтык» революциянын натыйжасында, баарыдан мурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Москвадан, москвалык бийликтен бир паста эле көз карандысыз болуп калышкан. Алар демократ-дилетанттарды өз катарларына тартымыш этип, токтоосуз «элитардык демократиянын» бийлигин калыптандырышты. Мына ушундайча, бийлик демократтар жана либералдар болуп кубулуп өзгөрүүгө үлгүрүшкөн ошол эле партиялык мамлекеттик чиновниктердин колунда калды. Жогортодон өкүмүн жүргүзгөн катаал көзөмөлдүн жок кылынышы, ошондой эле төмөндөн болчу көзөмөлдүн жоктугу, бул кыргыздардын чыгыш эгалитаристтик менталитети менен шартталган эле, андан да 70 жыл тоталитаризмдин пресси астында басылып турганы «элитардык демократтардын» иш-аракеттерине толук эркиндик берген. Мындай болуп көрбөгөндөй көзөмөлдүксүздүктөн улам коррупция, казына уурдоочулук, өз ара жашыруучулук ж.б. гүлдөп өсүп чыга келген, бул бүткүл элдик теӊ укуктуу мамлекеттен ажыратууну жана менчиктештирүүнү кадимки «басып алууга» же «жапайы» менчиктештирүүгө айландыруу үчүн шарттарды түзгөн. Алып карасак, кайсы бири кызматтык мамлекеттик автомашинаны балдар велосипединин баасында сатып алган, башкалары мамишканаларды, мейманканаларды, балдар бакчаларын ж.б. шаардык бир бөлмөлүү квартиранын баасында өздөрүнө алышкан. Мисалы, Бишкектеги кенаф фабрикасынын баланстык наркы 12 млн. сом экенине карабай, 1 млн. 875 сомго сатылган, Кызыл-Кыя машина куруу заводу баланстык наркы 41 млн. сом болуп туруп, 800 миӊ сомго сатылган, ал эми «Ала-Тоо» винсовхозу реалдуу баасы 30 млн. сом болсо да, 1 млн. 49 миӊ сомго сатылган. Мындай мисалдар ондоп-жүздөп келтирсе болот. Аскер самолетторун айдап качкан, заманбап электрондук заводдун бүтүндөй цехтеринин жабдууларын көчүрүп кеткен демократтар ушунда бөтөнчө айырмаланышты.

Улуп-жулуп алуунун социалдык баасына келсек, өндүрүштүн төмөндөөсү 2004 жылы 1990 жылга салыштырмалуу 33%ды түзгөн. Президенттик маалымдоо боюнча жумушсуздук, ачыкка чыгарылбаган жумушсуздуктун эсебин көӊүлгө албаганда, эмгекке жарамдуу калктын 20%ын камтыган. Иштеген жумушу бар «бактылуулардын» бир айлык орточо эмгек акысы анда АКШнын 33 долларын түзүп, ошол эле учурда АКШда айына 3–4 миӊ доллар, Россияда – 150–300 доллар алышчу. Жогорудагы аталган жарыбаган 17 млн. доллар кайсы социалдык муктаждыктарга жумшалганын эч ким билбейт. Бирок көптөрү, анын ичинде экс-Президент А.Акаев да улуттук кирешенин 13%ы көлөкөлүү экономикага кетерин билишкен.

Жыйынтыгында, «улуп-жулуп алуунун» социалдык-экономикалык эффектиси жарыбагандай болгон жана мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугунан социалдык маселе артка кетип баштаган. Мамлекет бул ишке чет өлкөлүк инвестициялардын жардамы аркасында кийлигише алат эле, себеби «кубулма демократиячыл жүзүбүзгө» алданып, аз эмес акча каражаттары тартылып келинген, биз бул жагынан КМШда биринчи орунга чыкканбыз. Бирок бул миллиондорду да тоюп болгус чиновниктер жана анын тегерегиндегилер уурдап жок кылышкан. Ал эми мамлекеттин экономикасы курулган саналуу объекттерден тышкары эч кандай сезилерлик бекемделиш албай жатып, чоӊ карыздар болуп калган. Алсак, ансыз да жакыр кыргызстандыктардын тышкы карызы 2 миллиард доллардан ашкан. Бул республикабыздын ошол учурдагы беш жылдык бюджеттин көлөмү менен теӊ болгон. Мына ушундайча, тышкы карыздын көлөмү эл аралык стандарттарга ылайык ИДПнын жол берилчү кооптуу 40%дык чегинен кыйла ашып, 70%га жеткен. Ал эми бул экономикалык жана саясый көз карандысыздыкты жоготуунун, жана да сөзсүз, жигердүү социалдык саясатты жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн жоготуунун де-фактосу катары квалификацияланат.

Бул арада жакырчылык менен кедейликтин жагымсыз кесепеттери улам күчөп сезилип баштаган. Кылмыштуулукту эле алалы. Социолог М.Султановдун күбөлөндүрүүсү боюнча беш жыл ичинде ал 1,7 эсе өскөн. Эӊ коркунучтуусу – кылмыштуулуктун бөтөнчө жырткычтык формаларынын өсүп жатканы, булар көнүмүш ишке айланып, көптөрү муну нормалдуу көрүнүш катары кабылдап башташкан. Эмнеге дегенде, кылмыштуулуктун рэкет, өндүрүп алуу, каракчылык, мал уурдоо, авто транспортту айдап кетүү, уурулук жана сойкулук сыяктуу түрлөрү көптөгөн люмпендер жана пауперлер үчүн демейки кесип, тиричилик өткөрүүнүн каражаты болуп калган.

Кедейликтен улам калктын көзөмөлсүз миграциясы күчөгөн. Республиканын чегинен тышкары квалификациялуу жана жөндөмдүү кадрлар көп кетип баштаган, буларды даярдоого республика эбегейсиз зор каражаттарды жумшагандыгы белгилүү. Ички миграциянын натыйжасында чоӊ шаарлардын кайсы гана учурда болбосун ар кандай иш-аракеттерге даяр турган маргиналдарга жыкжыйма болуп толуп кеткен эле. Ошол эле учурда бүтүндөй бир аймактар аӊгырап бош калган: мисалы, Ат-Башы шаарчасы, Таш-Көмүр, Майлы-Суу, Кажы-Сай шахтердук шаарлары жана да бир убактарда гүлдөп турган көптөгөн айылдар жана кыштактар.

Так ушул жакырчылык ал жылдары улам күчөгөн өзүн өзү өлтүрүүлөрдүн биринчи себеби болуп баштаган. Алсак, 1995 жылы эле официалдуу 611 өзүн өзү өлтүрүү катталган. Ал эми катталбаганы канча – бир кудайга гана белгилүү.

Ошол эле учурда көптөгөн кыргызстандыктар үчүн баӊгичилик тиричилик өткөрүүнүн маанилүү каражаты болуп калганын танып кетүү кыйын. Эгер белгилүү бир чөйрөлөр үчүн ал байлыктын булагы болуп эсептелинсе, ал эми кедейлердин көпчүлүгү үчүн жакырчылык туӊгуюгунан чыгуунун акыркы мүмкүнчүлүгү болуп калган. Ошол эле социолог М.Султанбаев бекемдегендей, жалаӊ Ысык-Көл областында калктын 30%га жакыны кара куурайды соодалоонун эсебинен кийинип, ичинишкен. Ушунда тыюу салынган апийим айдоолору дээрлик 18 эсе, ал эми баӊгизатка байланыштуу кылмыштуулук 7 эсе өскөндүгү белгиленген. Эгер ушундай болсо, анын баӊгизат менен шугулдануу карапайым эл үчүн «Кумтөр» болду деп айтканы эӊ эле акыйкаттуу.

Жыйынтыгында эл аралык баӊгизат соодалоонун транзиттик жолу катары республиканын түштүгүндө эӊ эле оор абал түзүлгөн болучу. Көптөгөн күбөлөндүрүүлөргө караганда, бул ишке жадесе аялдар, балдар да тартылган. Андан бери карай тонналаган баӊгизаттар конфискацияланып, түрмөлөр жыкжыйма толуп кеткен.

Массалардын токтоосуз жакырлануусунун эӊ эле кооптуу кесепеттери бул акыры келип эле ири масштабдык мүнөздөгү социалдык силкинүүлөр болуп эсептелинет. Мүлктүк теӊсиздиктин өсүүсүнүн, социалдык кепилдиктердин жоктугунун, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө жана жумушсуздукка каршы күрөшкө делинген мамлекеттик чыгымдоолордун дайымкы кыскарууларынын шарттарында маргиналдар социалдык өксүктүктү улутчулдук жана расисттик идеяларга кайрылуу, диний агрессивдүүлүк, саясый экстремизм менен толтурууга умтулушат. Буга окшогон чегине жеткен жакырдыкты жана адекваттуу социалдык эксцесстерди адилеттүүлүк менен жапайы капитализмдин жараткандары катары карашат, анын мезгили учурунда (XIX–XX к. баш чени) жыйырмадан ашык социалдык революциялар болуп өткөн, мунун ичинде Россиядагы социалисттик революция да бар. АКШда Рузвельт, Англияда лейбористтер, Батыш Европада 40 жылдарда солчул лейбористтер жүзөгө ашырган кейнсиандык-социалисттик чаралар гана чыӊалууну алып салууга жардам берген, кийинки революциялардын болуу коркунучу мына ушундайча жок кылынган. Бирок XX кылымдын экинчи жарымынан тарта социалдык катаклизмдер коркунучу кайрадан дүйнөлүк коомчулуктун күйүп турган маселесине айланган. Колониялардын боштондукка чыгышы жана демократиялаштыруунун натыйжасында ондогон мамлекеттер социалдык-саясый жарылуулар мүнөздүү болгон өнүгүүнүн капиталисттик жолунун этаптарын кайрадан басып өтүүгө мажбур болуп отурушат. Ошол себептүү бир катар эл аралык уюмдар, илимий чөйрөлөр жана саясый ишмерлер социалдык мүнөздөгү жаӊы коркунучтар тууралуу айтышууда. Атап айтканда, БУУнун курчап турган чөйрө жана өнүктүрүү боюнча конференциясында (июнь 1992 ж., Рио-де-Жанейро) адамдардын кирешелериндеги жана жашоо деӊгээлиндеги эбегейсиз зор айырмачылык планетардык масштабдагы эӊ бир кубаттуу социалдык силкинүүлөргө алып келиши мүмкүн экендиги белгиленген. М.Тетчер У.Черчиллдин атактуу фултондук баяндамасынын 50 жылдыгына байланыштуу Фултондо чыгып сүйлөп, негизинен мына ушулар тууралуу айткан. Азыркы дүйнө үчүн эӊ эле кооптуу коркунуч катары ал жакырчылыкта күн кечирген үчүнчү дүйнөнү белгилеп кеткен. Чынында эле бийлик жүргүзүүчү чөйрөнүн жек көрүүлөрүнө жана кайдыгерлигине өчөгүшүп жана катуу ыза болуп, бардык кадыр-барктууларды кулатып түшүрүүнү эӊсеп, Кытайдагы «маданий революцияда», Ирандагы «ислам революциясында», африка өлкөлөрүндөгү сан жеткис төӊкөрүштөрдө биринчи катарда жүрүп, Азия, Африка континенттеринде бүгүнкү күндө Египеттеги жана Магриба өлкөлөрүндөгү ислам фундаменталисттеринин негизги өзөгүн түзүп, Украинадагы массалык социалдык силкинүүлөрдүн катышуучулары так мына ушул маргиналдар болду.

Бул – жакырчылыктан улам чыдоонун чегине жеткирилген ардагерлер менен студенттердин кокусунан шаардын көчөлөрүнө чыгып, Ак үйдүн алдында пикетке туруулары. Бул – кедейлердин постсоциалисттик мейкиндикте буга окшогону жок, эӊ бир массалуу, потенциалдык жактан эӊ бир кубаттуу, ачык көрүнгөн нааразылык чогулуулары. Мындай чогулган топтор эмне максатта түзүлө тургандыгы баарыга жакшы белгилүү, алар «тарыхтын локомотивин» же маркстик «аначы кемпирди» күтүп, убакыт-мезгили келгенге чейин «запастык рельске» коюлган болот.

¤ткөөл кризистердин тарыхы буга окшогон карама-каршы туруулар айрым учурларда жаӊы шарттарды жалпы кабыл албоого өсүп жетилерин, андайда көп учурда революциялык кыйроолор жана реформалар менен жыйынтыкталуучу массалык көнүгүшпөө абалы келип чыгарын күбөлөйт.

Андыктан, рыноктук-капиталисттик модернизациянын ийгилигин камсыз кылуу үчүн, калктын кайра өзгөртүп түзүүлөргө көнүгүшүүсүн жеӊилдетүүчү атайын оӊдоп-түздөөчү жана алдын алуу чаралары керек. Бул иш-чараларда башкы ролду мамлекет ойнорун, жана да ал бул көйгөйлөрдөн өзүн өзү четтетүүгө болбостугун эске тута жүрүү маанилүү, Окуялар мындан ары карай кандайча өнүгөт – убакыт көрсөтөт. Бирок ушу азыр деле айтып койсо болот, социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн эгалитаристтик-большевиктик усулдарынан социал-дарвинисттик катаал усулдарга тезинен өтүү абдан эле кооптуу эксперимент болуп чыккан, демек, биздин жетекчилер ушул маселени чечүүнүн неолибералдык ыкмаларын аракетке келтирүүнү күчөтүүлөрү зарыл.

Мүмкүн, ошондогу Президент Аскар Акаев убагында «алсыздарды колдоп, күчтүүлөргө жолтоо болбоо тууралуу» өзүнүн оюн билдирүү менен, так мына ушуну айткысы келгендир…

Иштелип чыгып, ошондо кабыл алынган мыйзамдык актылар – «Коррупция менен күрөш тууралуу» Мыйзам жана «Кыргыз Республикасынын жарандарынын сактоодогу каражаттарын калыбына келтирүү жана коргоо тууралуу» Мыйзам, ошондой эле менчиктештирүүнүн жүрүшүн токтото туруу жана текшерүү тууралуу президенттик буйрутма так ушул багыттагы биринчи кадамдардан болгон эле. Бирок баары бир бул иш-аракеттер ылдамданып алган процессти токтото албаган. Жыйынтыгында, 2005 жылдын 24 мартында жалпы журтчулугубуз күрөшкө аттанып, элдик революция жеӊишке ээ болгон.

Тилекке каршы, 2005 жылдагы март революциясы да элдин үмүтүн актабады. Убада кылынган 3–5 жыл өтсө да, өткөөл мезгилдин бүтөр күнү көрүнбөгөн. Байлардын аз катмары К.Бакиевдин учурунда мамлекеттик жана элдик байлыкты жырткычтык менен талап-тоноолордун, улуттук кызыкчылыкты болбогон тыйынга соодалап жиберүүлөрдүн өтө ашынып кеткенинен улам түзүлгөн. Бийлик башында турган бетпак чиновниктердин каракчылык саясатынан улам мекенчилдик түшүнүгү тепсендиде калып, улуттук идеологиянын ойрону чыгып бүткөн эле. Дагы жакшы, учурда чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибиздин миллиарддаган каржылык салымы болбогондо, небак ачкадан кырылуу чегине жетип, ал эми жеп-жутар чиновниктер небак уурдап-жегендерин көтөрүнгөн бойдон чет жерлерге качып кетишмек. Мигранттардын эсебинен болуп жаткан элдин «байгер» жашоосун чыныгы жакшы жашоо катары эсептөөгө болбойт эле. Демек, маргиналдардын нааразычылыгынын келип чыгуу коркунучу дале жокко чыгарыла элек болучу. Жыйынтыгында эл көтөрүлүп, жарым күн ичинде Бакиевдин деспоттук бийлигин алып түшүшкөн. Бакиев бийликте турган беш жыл ичинде коррупция, жердешчилик, үй-бүлөлүк башкаруу, мамлекеттик масштабда талап-тоноо, стратегиялык тармактарды мыйзамсыз менчигине алуу жетер чегине жетип, электр энергиясына төлөм буга чейинки тарифинен эки эседен ашык өсүп, салыктын ойго келбеген не бир түрлөрү келип чыгышы, карапайым элдин жашоосу болуп көрбөгөндөй кыйындаган. Электр энергиясына кошулган 80 тыйындын, уюлдук телефондорго киргизилген 60 тыйын кошумча төлөмдүн убайын ошол тармактарга тийешелүү мекемелер көрбөй эле, чыпчыргасы коробостон бүт Бакиевдердин үй-бүлөлүк эсебине түшүп турган. Жеке адамга карата зомбулук чегине жетип, эркин ойлогон журналисттер, саясатчылар куугунтукталып, табышмактуу өлүмгө кабылышы демейдеги эле көрүнүш болуп калган.

Кыргызтелеком, Түндүк Электро, Чыгыш Электро компаниялары баштаган бир топ стратегиялык объектилер текейден арзан баага сатылып кеткен. Ысык-Көлдүн жээгиндеги, Арсланбаптагы, Сары-Челектеги жана Жети-өгүздөгү мыкты деген жерлерди менчигине басып алышкан. Токтогул ГЭСинин суусун өзбекстанга жеӊ ичинен сатып, сансыз миллондогон долларларды жүгүртүүгө түшүргөн баӊгизат жолдорун көзөмөлдөп, америкалык «Ганси» авибазасынын сакталып турушу үчүн олчойгон пара алып, ошол эле учурда дүйнөлүк держава Россияны сызга отургузган. Бул К.Бакиевдин акылсыздыгын, саясый сокурдугун, инсандык деӊгээлинин өтө пастыгын айгинелеп турат. Россияны алдап, америкалык «Ганси» авибазасын сактап калуу менен ал Кыргызстанды мусулман дүйнөсүнө каршы койгон. Белгилүү болгондой, АКШ акыркы 30 жылда дүйнөлүк жандармдын ролун аткарууда. Алгач Иракты, анан Ооганстанды талкалады эле, кийинки кезек Иран эле. Кокус ошондо Иран менен АКШнын ортосунда согуштук жаӊжал чыгып кеткенде, бомбалоочу самолеттор, ракеталар учуп чыккан аймак катары биринчи сокку Кыргызстанга, түздөн-түз Бишкекке урулмак. Тышкы саясаттагы калпыс кадамы менен Бакиев кыргыз элин бүт бойдон барымтага кармап берген. Мында ал Кыргызстанды бүткүл мусулман өлкөлөрүнө жек көрдүргөн. Орустун мындай макалы бар: «Аӊкоо өз жаӊылыштыктарынан, ал эми акылдуу башкалардын жаӊылыштыктарынан сабак алат». Бакиев жада калса ошол аӊкоодой да боло албады.

К.Бакиев, анын үй-бүлөсү жана анын тегерегиндеги кошоматчылар үчүн шейит кеткен 100 чамалуу эр-азаматтын, миӊге чукул жарадарлардын каны аз. Элдик революциядан кийинки бир жума ичи Курманбек Бакиев кол курап, элди жарандык согушка түртүү аракетинде жүргөн. Элдин каны төгүлгөнүнө башкы жоопкер болуп атканы аз келгенсип, ошол мезгилде ал «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда желдеттердин мөндүрдөй жаадырган огуна тайманбай тике барган эр-азаматтарды психотроп дарысын ичип алышкан деп шылдыӊдаган. Ак иш, элдин жаркын келечеги үчүн өлүмгө тике карап, октон, өрттөн тайманбай баруу көчмөн кыргыздын канында бар, ал Манас бабабыздан калган. Бакиевдин айтканынан улам, душмандын ДЗОТун көкүрөгү менен жаап, артындагы курбалдаштарын ажалдан арачалап калган Чолпонбай Түлөбердиев атабыз да психотроп ичип алганбы? – деген суроо туулат… Акыры арам тилеги таш каап, Бакиев алгач Казакстанга, андан соӊ Белоруссияга кире качууга аргасыз болду. Дегинкиси, улуу көчмөн кыргыз элинин өзүндө, мүнөзүндө эркиндикти сүйүү, эгемендикке умтулуу жатат. Ошондуктан улуу көчмөн кыргыз эч качан өзүн багынтууга жол бербейт. 7 апрелдеги элдик революция мына ушуну айгинелеп турат. Кыргыз журтчулугу эл кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон, келер күндү алдын ала билип, бир канча ондогогон жылга алдыны көрө алган даанышман жол башчыга муктаж. Бул жагдайда бүт кыргыз эли учурдагы Президентибиз Сооронбай Жээнбековго чоӊ үмүт, ишеним артып отурат. Эрксизден антикалык доордун улуу философу Платондун мындай деп айтканы эске түшөт: «Качан философ падыша болгондо, же падыша философ болгонунда гана эл бактылуу турмушта жашап башташат».

Элибиз күндөн күнгө жакшылыктан үмүт кылып, телчигип алдыга жылган сайын чагымчыл саясатчылар күндө бир ойдо жок нерселерди ойлоп таап, догурунуп, чын дилден жардам берели деген инвесторлорду үркүтүп, кетип калышына өбөлгө болушууда, ар кандай иш таштоо акцияларын уюштурушууда. Өкмөттөн акча доолагандар мына-мына оңолобуз деп турган социалдык абалды кайрадан курчутуп жатышат. «Эл жери менен, жер кени менен» демекчи, азыркы кыйынчылыктар артта калган да күн келер. Экс-президентибиз Алмаз Атамбаевдин «Кырк кадам» программасынан адашпай, түз жол менен алдыга бара берсек, сабырдуу, айкөл кыргыз элибиз бир аз чыдамдуулук кылса, Платондун айткан бакыбат жашоосуна жетерибизге аз эле калган болобуз.

Ак үй алдында, Борбордук аянтта кан төгүлгөнүнө 8 жыл болду. Андагы ошончо эр-азаматтын төгүлгөн каны, кыйылган өмүрү оӊой эмес. Андыктан эми да болсо Курманбек Бакиев, анын тегерегиндеги жексурлардын баары кылмышкер катары кармалып, катаал мыйзам чектеринде адилеттүү жазаларын алуулары керек. Антпесе, улуу көчмөн кыргыз дөөлөтү, элим, журтум деп жүрүп он гүлүнүн бири ачыла электе шейит кеткен кырчындай жапжаш жигиттердин арбактары ыраазы болбойт, ошондой эле ал иштин улантуучулары – күжүрмөн атуулдарыбыз бизди кечиришпейт дагы.