Шаршемби, Февраль 24, 2021

КУУда Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди

00

2017-жылдын 21-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Мамлекеттик тил жана адабият - ыймандын, адептин, маданияттын табигый булагы” аталышындагы республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев кириш сөз менен ачты.

Ал конференциянын катышуучуларын Эне тилдин эл аралык күнү менен чын ыкластан куттуктап, төмөндөгүлөргө токтолду:

-_Эне тилдин эл аралык күнү 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКОнун башкы конференциясында жарыяланып, 2000-жылдан баштап белгиленип келе жатат. Эмне үчүн ал 21-февралда белгиленет? Анткени, 1952-жылдын 21-февралында бангладештик студенттер өз эне тилин мамлекеттик тил катары кабыл алынсын деген талап менен демонстрацияга чыгышып, курман болушкан. Ошол күндү эскерүү максатында 21-февраль “Эне тилдин эл аралык күнү” деп белгиленип калган.

- Эне тил адамдарды байланыштырып туруучу негизги курал жана каражат гана болуп саналбастан, ал ошол элдин иденттүүлүгүн_тастыктаган жүрөгү. Гениалдуу жазуучу Чынгыз Айтматов айткандай, улуттун автопортрети менен бейнеси. Эне тил, менимче, этностун кундуу касиеттерин камтыган сырдуу ааламы жана кайталангыс космосу_гана болбостон, акыйкатта, ал элдин тарыхый тагдыры менен жазмышы.

- Окумуштуулар азыркы учурда дүйнөдө 7 миңден ашуун тил бар деп жүрүшөт. Балким, андан көптүр, же аздыр. Айтор, тилдин өзүнүн тагдыры бар. Ал табият менен кудай жараткан сырдуу аалам.

- Ар бир тил өзүнүн өнүгүшүндө белгилүү этаптарды басып өтөт. Мисалга, 19-кылымга чейин Россиянын окуу жайларында сабактар грек, латын, француз, немец тилдеринде жүргүзүлгөн. 1755-жылы Ломоносовдун демилгеси менен Москва университети ачылып, анда 3 факультет (юридикалык, философиялык, медициналык) болгон. Ал факультеттерде сабактар немец, француз тилдеринде жүргүзүлгөн. Ломоносовдун ишмердигинин аркасында университетте немец, француз тилдеринде сүйлөй албаган студенттер үчүн чакан группалар ачылып, сабактар орус тилинде жүргүзүлө баштаган. Ошол мезгилде айрым окумуштуулар: “орус тили турмуш-тиричиликтин тили, илимий эмгектер кантип орус тилинде жазылсын” деп, туура эмес көрүшкөн.

- Ошондуктан ар бир тил өзүнүнөнүгүшүндө белгилүү кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Бүгүнкү күнүмамлекеттик тилге байланыштуу ар бир жарандын атуулдук жоопкерчилигин ойготууга жана өркүндөтүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз!

- Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө 22 элдин аты аталган. Ошолордун бүгүнкү күндө сакталып калгандарынын бири – кыргыз тили. Бүгүнкү күндө ал тил – Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн атын жана затын аныктаган тил. Бул тил Кыргыз Республикасындагы этносторду бириктирүүчү, ырыс алды ынтымакка чакыруучу жана достуктун тили.

- Тилибиздин сөздүк курамы 40-60 миңдин тегерегинде (Юдахин менен К.Карасаевдин сөздүктөрүнө таянып жатам). Илимпоздор “Манас” эпосунда 100 миңден ашык сөз бар экендигин далилдеп жүрүшөт. Ошондой эле, тилибизде омоним сөздөр да_өзүнчө сөз кылууга арзыйт, мисалга кыргыз тилиндеги 3260 омоним сөз 8122 семантикага ээ. Албетте, тилде сөздүктөргө кирбеген табу, эффемизм сөздөр да болот.

- Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоонун_“Кыргызтест” системасы киргизилүүдө. Ал тил билүүнү баалоонун эл аралык шкаласына негизделет жана аны КР Өкмөтү бекитет. Ошону менен бирге көп тилдүү билим берүү долбоору да практикаланууда. Бул эки же андан көп тилди колдонуу мүмкүндүгүн айкындайт. Бул терминди ЮНЕСКО 1999-жылы киргизген жана ал билим берүүдө кеминде үч тилди: эне тилин, мамлекеттик тилди жана эл аралык тилдерди колдонууну билдирет.

- Коомдук өнүгүүнүн бүгүнкү кезегинде КР Президенти тарабынан үстүбүздөгү жылдын ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланышы толук колдоого арзыйт. Өлкөбүздө жаңыча социалдык-экономикалык мамилелердин орношу, жашоого, өткөнгө жана рухий адептик нарк-дөөлөттөргө болгон көз караштын өзгөрүшү өлкө, эл, маданият аралык алака-катыштын кенейиши жана терендеши калыпка түшүп калган жашоо ыргагын бузду. Бүгүнкү күндө адамдардын ортосундагы мамилелердин татаалданышы, зордук-зомбулуктун, ыпыластыктын, мансапка, байлыкка, жеңил оокатка умтулуу сыяктуу терс көрүнүштөрдүн орун алышы бүгүн билимдүү, маданияттуу, акыл-эстүү гана эмес, адептүү, ыймандуу өзүнүн жана элинин тагдыры үчүн жоопкер боло билген адамды тарбиялоо талабын алдыга коюуда. Ошондуктан, адептик жана рухий ыймандык билим берүүдө менимче, төмөнкүдөй методологиялык талаптар жетекчиликке алынышы жөндүү: адептик таалим-тарбиянын улуттук нарк-насилге, элдик педагогиканын көөнөрбөс салттарына жана дөөлөт-мурастарына негизделиши (1); ыймандык, адептик тарбиялоонун жалпы адамзаттык, рухий-ыймандык, адептик дөөлөттөргө багытталышы (2); адептик жана рухий-ыймандык билим берүүнүн, тарбиялоонун адамгөй, гуманисттик, демократиялык, жарандык маңызга жана мүнөзгө ээ болушун жетекчиликке алуу аркылуу эне тилди, мамлекеттик тилди табигый каражат катарында натыйжалуу пайдалануу (3).

- Кыргызстандын элдеринин өнөрү, акылмандыгы, кудурети, маданияты – сөзүндө. Ар бир сөздүн тарыхы, ар бир сөздүн анты менен наалаты, ар бир сөздүн табышмагы менен мистикалык сырлары жана ар бир сөздүн адептик, ыймандык нарк-насили, насыйкаты менен насааты болот. Өнөр алды кызыл тил деп, кыргыз эли сөздү көздүн карегиндей кадырлап, тумарындай тутунупөтө этият пайдаланышкан. Бардык элдин 21-кылымга бапестеп жеткирген рухий мурасы, албетте, сөз казынасы, накыл сөзү,_эне тили болсо керек. Элибиздин ар бир сөзү алтын кыш сыяктуу асыл, андан ата-бабаларыбыз опол тоодой сепил курушкан. Демек, өлкөбуздө рух сепили, ынтымак сепили, биримдик сепили, достук сепили, ыйман-адеп сепили түбөлүк чыңдала берсин.

- Эмесе, “Мамлекеттик тил жана адабият: ыймандын, адептин жана маданияттын табигый булагы” деген аталыштагы аталган илимий-тажрыйбалык конференцияны ачык деп жарыялоого уруксат этиниздер.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ойнолуп бүткөн соң, кезек куттуктоолорго берилди.

Жыйындын катышуучуларын_Эне тилдин эл аралык күнү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алмаз Кулматов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, спорт жана маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Исаев,_Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана Улуттук университеттин ректорунун атынан мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаевдер куттукташты.

Куттуктоолордон кийин республикалык илимий-тажрыйбалык конференцияда төмөңдөгү баяндамалар окулду:

1. А.Муратов - педагогика_илимдеринии доктору, профессор: “Көркөм-адабий тексттердеги элдик адептик салттар жана аларды кыргыз адабиятын окутуу процвссинде интерпретациялоо”

2. _Ж.Чыманов - педагогика_илимдеринии доктору, профессор:_“Ыйман, адеп жана маданият түшүнүктөрү кыргыз тилин окутуунун мазмуну катары”

3. Т.Маразыков - филология_илимдеринии доктору, профессор: “Эне тил - улуттун уюткусу"

4. А.Мукамбетова - педагогика_илимдеринии доктору, профессор: “Этномаданий таанып-билүү - _мамлекеттик тилдин приоритеттүү багыты”

5. А.Исманкулова - КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору:_“Этносторго мультимедиялык-интерактивдүу электрондук окуу куралы аркылуу мамлекеттик тилди окутуу”

6. А.Ставинская - “Кыргызтест” түзүмүнүн жетекчиси: “Кыргыстест ” түзүмү - мамлекеттик тил билүү денгээлин баалоонун каражаты”

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук университеттин төмөндөгү кызматкерлерине_КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырыолды:

1.Темиров Бекжан - математика жана кибернетика_факультетинин деканы, профессор;

2. Искаков Издевалды - менеджмент кафедрасынын башчысы, профессор

3. Шамшиев Алай - кадрлардын кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу, кайра даярдоо факультетинин деканы, доцент

4. Казакбаева Айгүл - мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

5. Думанаева Мээрим - филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу.

Түштөн кийин конференциянын иши секцияларда улантылды:

1-секция. Мамлекеттик типди_окутуу аркылуу жаштарды адептүүлүккө, ыйманга жана_маданиятка тарбиялоо

2- секция. Адабият - адептүүлүктүн, ыймандын жана маданиятын өзөктүү каражаты

3-секция. Терминология жана_котормонун түйүндүү маселелери.

4- секция. Көп тилдүү билим берүүнүн көйгөйлүү маселелери жана келечеги.

press knu 2017