Шаршемби, Февраль 24, 2021

Тил тазалыгы – дил тазалыгы, тил маданияты – эл маданияты

alt2016-жылдын 19-февралында экономика факультетинде "Эне тилдин эл аралык күнүнө" карата «Тил тазалыгы – дил тазалыгы, тил маданияты – эл маданияты» деген темада студенттер арасынада дил баян жазуу боюнча сынак болуп өттү. Иш-чараны кыргыз тил окутуучулары Р.Абылкасымова, А.Турсунбек кызы жана Ч.Эсентуровалар уюштурушту.

Сынакта студенттер эзелтеден ата – бабабыз мурас кылып калтырып кеткен тилибизди сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бир инсандын милдети экенин кагаз бетине түшүрүшүп, азыркы кезде биздин эне – тилибиз кандай? – деген көйгөйлүү суроолорду талкулашты.

Сынактын жыйынтыгында биринчи курстун студенти Жеңишбекова Алина 1-орунду ээлеп, 1-даражадагы диплом менен сыйланды. 2-орунга Сыдыгалиев Марс татыктуу болуп, 2-даражадагы диплом алса, 3-даражадагы дипломду Маматжан кызы Зияда алды.

Материалды даярдаган:

Э.Д.Курамаева - жаштар политикасынын координатору