Ишемби, Ноябрь 28, 2020

КУУнун активист студенттери муз тээп келишти

alt2014-жылдын 15-февраль КУУнун активист студенттери жана кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрү "Ата-Бейит" комплекси тараптагы  муз тебүү жайына барып, эс алып келишти. 

Бул иш чара жаштар иштери боюнча комитети жана кесиптик бирлик комитети тарабынан ден соолукту чындоо жана студенттердин ынтымагын бекемдоо максатында уюштурулду.

Муз тебүү жайына жеткенде студенттерге коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү. Студенттер муз тебүү менен эле чектелбестен, «Сармерден», «Аркан тартыш», «Жоолук таштамай» жана «Чана менен жарышуу» оюндарын уюштурушту. Жеңүүчүөр ар кандай кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Алты саатка созулган эс алуу иш чарасы жогорку денгээлде өттү. Ден-соолукту чыңдоо, факультеттердин жана институттардын активист студенттеринин ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган иш чарага катышкан студенттер жаштар комитетине жана кесиптик бирлик комитетине ыраазычылык билдиришти.

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Материалды даярдаган:

КУУнун жаштар иштери боюнча комитети