Шейшемби, Январь 31, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу азем болуп өттү

alt2013-жылдын 20-мартында КУУнун башкы имаратынын алдындагы аянтчада Нооруз майрамына арналган салтанаттуу азем болуп өттү. Жаштар комитети тарабынан уюштурулган бул иш-чарага университеттин бардык түзүмдөрүнөн келген профессор-окутуучулар жана студенттер катышып, антка эл жык толду. Жаркырап тийген күн да жалпыга жарык маанай тартуулап, чыныгы Жаңы жылдын келишинен жышаан берип турду. Салтанаттуу музыка жаңырып, иш-чаранын алып баруучулары аземди ачкан соң, КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов университеттин жамаатын жаратылыштын жаңылануусун даңазалаган Нооруз майрамы менен куттуктап, 21-март Бириккен улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясынын 2010-жылдын 19-февралындагы резолюциясынын негизинде Эл аралык Нооруз күнү деп жарыялаганын белгиледи.

Искендер Исамидинов майрамдык куттуктоосун "Өлкөбүз гүлдөп, кырманыбызга дан толсун! Эл аман, журт аман болсун! Калк ордунда, кан тактысында болсун! Тынччылык, жыргалчылык болсун! Университетибиз гүлдөсүн, балдарыбыз билимдүү болсун!" - деген каалоолор менен аяктады.

Ректордун куттуктоосунан кийин аянтчага Умай-эне чыгып, ата-бабалардан калган ыйык салт боюнча арчанын түтүнүн булатып, салтанаттын катышуучуларын аластады.

Аземдин андан аркы бөлүгүндө КУУнун таланттуу студенттери тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт көрсөтүлүп, майрамга келгендер ар кандай оюн-зоок, сынактарга катышышты.

Профсоюз комитети тарабынан уюштурулган улуттук кийимдер сынагынын жыйынтыгы да чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.