Четверг, Октября 17, 2019

Профессор Сарбагыш Султанкулович Рустембеков - 75 жашта

Бүгүн, 2011-жылдын 24-майында, Кыргыз улуттук университетинин Чоң жыйындар залында профессор Сарбагыш Султанкулович Рустембековдун тулган күнүнүн 75 жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйын юбилярдын басып өткөн өмүр жолун чагылдырган "Өмүрдүн өлбөс кербени" аттуу кинофильм жана слайд-шоу менен башталды. 

Мультимедиалык баяндоолор аяктаган соң, бүгүнкү иш-чараны уюштуруу комитетинин төрагасы Жеңиш Акматов жыйынды ачык деп жарыялап, сөздү КУУнун ректору, профессор Аалыбек Акуновго берди.

 

Ректор сөзүнүн башында Сарбагыш агайды университеттин жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүнүн атынан бүгүнкү торколуу тою - 75 жашка чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктады. "Кинофильм менен слайд-шоуну көргөндөн кийин агай менен көптөн бери бирге жүргөндөй эле болуп, баары көз алдыбыздан өттү. Кошумча кылуунун деле кереги жоктой болуп калды. Бирок менин эсимде калганын айта кетейин:  фильмде агайдын жубайы ал тууралуу "абдан түз жүргөн адам", - деп айтты. Менин оюмча, бул - өтө чоң баа, абдан жогорку баа жана негизги баа. Ошол үчүн, эжекебиз айткандай, Сизди үй-бүлөдө жана туугандардын арасында баркташат экен. Биз да Сизди коллективде ошол үчүн баалайбыз жана барктайбыз. Сиз дайым сөздүн түзүн, ачыгын айтасыз. Университетте ар кандай кырдаалдар болот - сиз дайым түз жүрөсүз. Биз сизди дайым баалайбыз", - деп белгиледи КУУнун жетекчиси. Сөзүнүн аягында Аалыбек Акунов Сарбагыш агайга чың ден-соолук, мамлекетибиз үчүн, элибиз үчүн дагы да эмгектене беришин каалап, юбилярга ак калпак жана чепкен кийгизди.

 

Андан кийин той ээсин Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, КУУнун Бириккен профсоюздук комитетинин төрагасы Шаршенбек Сальпиев, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын ректору Жумагул Сааданбеков, КУУнун физика жана электроника факультетинин физиканы окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакунов, КУУнун география жана экология факультетинин деканы Тургунбек Ниязов, КУУнун химия жана химиялык технология факультетинин деканы Туратбек Байдинов, КУУнун физика жана электроника факультетинин деканы Сагынтай Кадышев, КУУнун биология факультетинин деканы Султанбек Тоялиев, КУУнун биология факультетинин биоэкология жана окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы Асан Токтосунов, КУУнун биология факультетинин зоология, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы кафедрасынын башчысы Айгүл Ахматова жана КУУнун биология факультетинин ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасынын башчысы Аскербек Шекеков куттукташты.


Студенттердин атынан юбилярды биология факультетинин 3-курсунун студенти Жаркынай Русланова жана ошол эле факультеттин 4-курсунун студенти Темиркул кызы Каухар куттукташты.


Куттуктоолордон кийин салтанаттын катышуучуларына студенттер даярдаган чакан концерт көрсөтүлдү.


Салтанаттуу жыйындан толук фоторепортаж