Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү
2020-жылдын 29-декабрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында өткөн окуу жылындагы мамлекеттик аттестация менен жайкы сессиянын жыйынтыктары, окуу куралдарына министрликтин грифин алуу, социологиялык лабораторияны кайра өзгөртүп түзүү, КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультети менен ботаникалык бакчаны өнүктүрүү тууралуу маселелер каралып, окуу жайдын этика боюнча комиссиясынын жаңы курамы бекитилди.
Жыйындын башында ректор катышуучуларды отурумдун күн тартиби, Окумуштуулар кеңешинин курамындагы өзгөрүүлөр менен тааныштырып, пандемия учурунда ректорат тарабынан аткарылган иштер, жаңы жылдык каникулдан кийин окуу процессин уюштуруу боюнча маалымат берди.
Мамлекеттик аттестация менен жайкы сессиянын жыйынтыктары тууралуу академиялык саясат башкармалыгынын начальниги Гүлнара Абакирова баяндама жасап, аталган жыйынтыктар канааттандыраарлык деп табылды.
Улуттук университеттин этика боюнча комиссиясынын 2018-2020-жылдары аткарган иштери тууралуу аталган органдын төрагасы, доцент Токтоназар Абдыкаиров отчет берген соң, комиссиянын 14 адамдан турган жаңы курамы да бекитилди.
Юридика факультетинин профессору Болот Токтобаев менен доценти Айнура Урматованын “Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгынын укуктук механизми” аттуу окуу китебине жана Асылбек Рахмановдун “Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугу схемаларда жана таблицаларда” аттуу окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин алуу жөнүндө окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров сунуш киргизип, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү аны колдоп беришти.
Алар о.э. социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабектин факультеттин алдындагы социологиялык лабораторияны А.Табалдиев атындагы Евразиялык социологиялык-маданий изилдөөлөр борборуна айлантуу боюнча сунушун да колдоого алышты.
Административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультети менен ботаникалык бакчаны өнүктүрүү боюнча маалымат берди.
Жыйындын соңунда Канат Садыков Улуттук университеттин жалпы жамаатын кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бардык кызматкерлерге чың ден соолук, иштерине ийгилик, үй бүлөлөрүнө бакубатчылык каалады.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- №5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Манас-Ордого" барып келишти
- Математика жана информатика факультети - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты
- КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
- Физфактын деканы жеңүүчү студентти куттуктады
- Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту
- Спортсмен–агартуучулар
- Коопсуздук - башкы максат
- Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү
- Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
- Матфактын жамааты окутуучу Асанкулова Айперини куттуктайт!
- Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
- Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери факультеттин окутуучуларын куттукташты
Администратордон
Студенттердин ?-лору
- N 17.01.2021 23:47
-
Майрам
11.01.2021 18:42
Саламатсызбы! Туризм факультетинин контрагы канча сом?
-
Кымбат Аскат кызы
04.01.2021 00:49
Саламатсызбы мен Арабаева университетинде заочный пед.фак. нач.класса окуйм азр эми 2 семестр ...
Абитуриенттердин ?-лору
-
Нур
24.12.2020 19:15
Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...
-
Илгиз
23.12.2020 19:20
Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.
-
Жыпара
17.12.2020 21:43
Авн порталында менин Фио чыкпай атат кандай тапсак болот
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Akbata Smagulova
06.01.2021 16:59
Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...
-
Усон Эргешов
21.12.2020 17:10
Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...
-
G.K
12.11.2020 21:42
Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Ырыскул
24.05.2020 10:43
Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...