2025-жылдын 16-июлунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев алып барган жыйынга Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Калыбек уулу Марат, биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, о.э. факультеттердин декандары, институттардын директорлору катышты.

Жыйындын башында Догдурбек Чонтоев абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунда Улуттук университетке жалпысынан 4 миң 965 абитуриент катталып (анын ичинде 3466 абитуриент контракттык бөлүмгө, 1499 – бюджеттик бөлүмгө), бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 1-орунду ээлегенин билдирди жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, https://2020.edu.gov.kg/regcount сайтынан алынган маалымат боюнча аталган көрсөткүч боюнча 2-орунда 4362 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети болсо, 3648 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө Догдурбек Чонтоев орто кесиптик бөлүмдү аяктагандардын арасынан биринчи болуп катталып, биринчи болуп документ тапшыргандыгы үчүн (И.Ч.Исамидинов атындагы педагогика институтуна ) Урмат кызы Айтолкунга атайын сыйлыктарды тапшырды.

1-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 17,18,19-июль күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.

Добавить комментарий