2025-жылдын 14-июль күнү эрте менен саат 9.00дө Улуттук университеттин кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын алдындагы аянтчада абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун башталыш аземи болуп өттү.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев аянтчага чогулган болочок студенттерди 100 жылдык мааракесин белгилеп жаткан окуу жайдын абитуриенттери болушу менен куттуктап, Кыргызстандагы өзгөчө статус алган эң ири жогорку окуу жайлардын бири катары Улуттук университет билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий потенциалды өнүктүрүү жана мезгилдин талабына жооп берген адистерди даярдоо боюнча максаттуу жана масштабдуу иштерди жүргүзүп, окуу процессине жаңы технологияларды киргизип жатканын, МНЕЦ, INTAS, IREKS, TEMPUS ж.б. эл аралык долбоорлорунун алкагында Европадагы, АКШдагы, Канададагы жана 50дөн ашык ири чет өлкөлүк университеттер, борборлор, программалар менен кызматташаарын, о.э. Улуттук университет КМШнын тармактык университетинин, Евразиялык университеттердин ассоциациясынын жана Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин университеттеринин консорциумунун мүчөсү экендигин белгилеп, аталган долбоорлордун алкагында КУУнун эң мыкты студенттери чет өлкөдөн билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин билдирди.
Андан ары Догдурбек Чонтоев Улуттук университеттин бакалавриартына, магистратурасына, PhD-докторантурасына, аспирантурасына, докторантура жана изденүүчүлүк институтуна, о.э. коллеждери менен орто кесиптик бөлүмдөрүнө кабыл алуу пландары боюнча маалымат берип, “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын көч башы болгон, кылым карыткан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кош келиңиздер! Сиздер үчүн биздин университеттин эшиги ачык”, – деди.
Жыйын аяктаган соң, абитуриенттер имараттын фойесине орнотулган стенддер жана кабыл алуу комиссиясынын өкүлдөрүнө келип, Улуттук университеттин факультеттери, институттары тууралуу кенен жана толук маалымат алып жатышты.
Эскерте кетсек, абитуриенттерди каттоо Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин https://2020.edu.gov.kg сайты аркылуу онлайн режимде жүргүзүлөт. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында, 1-турга каттоо 16-июль саат 14:00гө чейин уланат.