Дүйшөмбү, Сентябрь 21, 2020

Тарых илимдеринин доктору, профессор Жыргалбеков Турду Жыргалбекович дүйнө салды

00

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин туризм жана рекреациялык география кафедрасынын профессору Жыргалбеков Турду Жыргалбековичтин 21.04.2020 күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ректорат жана география, экология жана туризм факультетинин жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көӊүл айтат. Турду Жыргалбекович көрүнүктүү окумуштуу- туризмолог, географ жана тарыхчы, эӊ мыкты насаатчыбыз болгон.  

Жыргалбеков Турду Жыргалбековичтин кыскача өмүр баяны

04

Жыргалбеков Турду Жыргалбекович 1932-жылы 30-декабра Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Конорчок айылында, колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.  1955-жылы  Фрунзе шаарындагы Кыргыз  мамлекеттик педогогикалык институтун бүтүргөн. 1961-жылы Москва шаарындагы ЦК КПССдин жогорку партия мектебин аяктаган. Профессор, тарых илимдеринин кандидаты. 7 монография, 3 окуу курал, 70 ашык илимий макалалардын ээси.

Эмгек жолун Ак-Талаа районунун орто мектебинде мугалим, райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор, андан соӊ райондук комсомол комитетинин биринчи секретары, «Айыл турмушу» райондук гезитинин редактору болуп иштеген. 1961-жылы Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин бөлүм башчысы, редактордун орун басары, андан соӊ Кыргызстан КП Ош обкомунун партиялык органдар бөлүм башчысынын орун басары болгон. 1968-жылы Кыргыз ССР Министирлер кеңешинин төрагасынын жардамчысы, Кыргызстан КП БКнын инспектору кызматын аркалаган.

1970-жылы  кандидаттык диссертациясын жактаган жана ага тарых илимдеринин кандидаты деген наам берилген.  Кандидаттык ишинин артында 3 монография, тарых тематикасында 9 методикалык колдонмо жарык көргөн, ойлоп табуулар жана ачылыштар иштери боюнча СССРдин мамлекеттик комитети тарабынан ыйгарылган автордук күбөлүгү бар. 

1978-жылы партиянын Кант райкомунун экинчи секретары, эмгекчилер депутаттарынын райондук кеңешинин аткаруу  комитетинин төрагасы, 1983-жылы Кыргызстан КП Чүй райкомунун биринчи секреатары. Кыргыз ССРнин райондук, шаардык жана Жогорку кеӊешинин депутаты болуп шайланган. 1986-жылдан 1993-жылга чейин Туризм боюнча КР советинин төрагасы. Туризм тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча көп аракеттерин жумшады.

 1993-жылдан 1998-жылга чейин Жыргалбеков Т.Ж. Бишкек турбаза Акционердик коомунун генералдык директору. Учурда ал кытай ишкерлери жана товарлары менен биринчи эл аралык базар болуп калды.

Жыргалбеков Т.Ж.  Жусуп баласагын атындагы КУУда  география, экология жана туризм факультетинде ишмердүүлүгүн уланткан. «Эл аралык туризм», «Край таануу», курстарын окуган. Мындан тышкары Жыргалбеков Т.Ж. тарабынан Кыргызстандын туризм тармагы боюнча изилдөө иштери жүрүп турган. Илимий изилдөөлөрү Кыргызстандын туризм тармагына да арналган.

Жыргалбеков Т. Ж. «КР туризмди өнүктүрү схемасын» биринчилерден болуп иштеп чыккан төрт томдук, "Кыргыз Республикасында туризмди 2005-жылга чейин өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасын" жумушчу топтун жетекчиси болуп иштеген. Агайдын жардамы менен 1992-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун география факультетинде «Край тану жана туризм»кафедрасы уюшулган.

Ал илимий жана коомдук көптөгөн эмгектердин автору. Алардын арасында "Кыргызстандагы Туризм" монографиясы бар (1993-ж.), «Кыргызстандагы туризмдин тарыхы» (1996-ж), "Кыргыз Республикасында туристтик ишмердүүлүгүнүн негиздери" (лицейлер, колледждер жана ЖОЖдор, 1997-ж. үчүн окуу куралы), “Кыргызстандын  туризминин документтери жана материалдардары"(1998-ж.), “Кыргызстандагы туризмдин негиздери " (8-9-класстар үчүн окуу куралы, 2003-ж.). Бардык илимий-педагогикалык жана илимий-изилдөө иштерин приоритеттүү туризм тармагы катары улуттук экономикага салым кошуусуна арнаган.

1998-жылы «тарых илимдеринин доктору», 2003-жылы «профессор» деген наамдарга ээ болгон.

1981-жылдын январь айында «Элдик билим берүүнүн отличниги" наамына татыган.

Республикада туризмди өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен 24-январдан 2002-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам ыйгарылган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (11-чакырылыштагы), КП ЦК курамынада, КП  Кыргызстандагы XV-XVI-XVII-XVIII съезддердин делегаты болгон. ССРдин XIX  съездинде СССР профсоюздар Федерациясынын жалпы конференциясынын мүчөсү болуп шайланган.

Жыргалбеков Турду Жыргалбекович ишине кылдат мамиле кылгандыгы, иш билгилиги менен айырмаланчу. Агайдын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

* * *

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

ректораты жана география, экология жана туризм факультетинин жамааты

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 399 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер