2024-жылдын 18-апрель күнү тарых жана чөлкөм таануу институтунун окутуучулары менен студенттери Алматы шаарындагы Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтуту, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети, Казакстан Республикасынын президентинин архиви менен биргеликте өткөрүлгөн чыгыштаануучу Сералы Лапиндин 155 жылдыгына арналган «ХХ к. башындагы интелегенция: ишмердүүлүгү, тагдыры жана мурасы» аттуу тегерек столго катышып келишти.  

КУУнун өкүлдөрү алгач Казакстан Республикасынын президентинин архивине барышып, академик К.И. Сатпаевдин 125 жылдыгына арналган тарыхый-документалдык көргөзмө менен таанышты. Андан кийин мекеменин кызматкерлери архивдик документтерди кайрадан реставрациялоо, консервациялоо лабараториялары тууралуу айтып беришти.

Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинде өткөн чыгыштаануучу Сералы Лапиндин 155 жылдыгына арналган «ХХ к. бышындагы интелегенция: ишмердүүлүгү, тагдыры жана мурасы» аттуу тегерек столду Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтутунун директорунун орун басары Шемек Тулебаев ачып, кыргыз-казак интелегенциясынын негиздөочүлөрү туураалуу бандамаларга кезекти берди. Катышуучулар кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүштү.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация Казакстан Республикасынын мамлекеттик борбордук музейине барып, андагы Казакстандын этнографиясы, археологиясы жана соңку тарыхы менен кенен таанышышты.

Жыйынтыгында, салтанаттуу кечки тамактын үстүндө мындан ары дагы ушул сыяктуу иш чаралардын уюштурулуп туруусу актуалдуу жана пайдалуу экендигин белгилешип, эки тарап бири-бирине ыраазылыгын билдирип, Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтутунун өкүлдөрү ар бир кыргыз катышуучусуна бир нече китептен турган белектерди берип андан соң жолго узатты.  

(С) Айдар Шейшенов – Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий