Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясынын  кыздары, ИИМдин Академиясынын жигиттери 2024-жылдын 16-апрелинде КРнын ички министрлигинин генерал-майор ЭАлиев атындагы ИИМди академиясында Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин   академиясынын курсант жигиттери менен кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири болгон “Сармерден кыз-жигит” оюну өткөрүлдү.

Аталган маданий иш-чараны ИИМдин академиясынын башчысы  милициянын генерал-майору Тариель Абитов ачып, өз сөзүндө иш-чара улуттук- наркты кадырлаган, каада-салтын урматтаган, баалаган келечек муунду тарбиялоо максатында өткөрүлүп жаткандыгын баса белгилеп, эки тарапка тең, ийгиликтерди каалады.

Ж.Баласагын атындагы КУУдан  жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору Кадыр уулу Алмаз катышып, кыздарды колдоп, аларга ийгиликтерди каалап, кыз-жигит Сарменден оюну жогорку окуу жайлар ортосунда эң алгач болуп жатканын баса белгилеп өттү.             

Башканы коюп Манасты айт демекчи, салттуу оюн «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен башталды. Манас айтууда эки жак тең өзгөчөлөндү. ИИМдин академиясынын курсанттары жабыла айтып, “Манас!” деп ураан чакырса, КУУнун студент кызы заманбап стилде айтты.

Келечек ээлери эзелки салтты жандандырып, ыр-күүлөрдү  аткарып, музыкалык аспаптарда кол ойнотуп, чимириле бий бийлеп, табышмактын жандырмагын чечип, макалдарды, жанылмачтарды айтышты.

Көрүүчүлөргө жаштардын акыйнек айтышканы, тапкычтыктары өзгөчө жакты. Жаштардын оюну кыргыздын каада салттарын көргөзүү менен улантылып, кыздар тарап “Кыз узатуу” салтын, жигиттер тарап “Үйлөнүү тойду” биргеликте, маңыздуу жана шаңдуу көрсөтүп  беришти. Жыйынтыгында, калыстардын чечими менен достук жеңип, эки тараптын тең мыкты аткаруучулук менен ынмак деген чечим менен жыйынтыкталды. Иш-чара сыйлоо аземи аяктады.

(С) Назгуль Турдубаева – илимий иштер боюнча декандын орун басары, доцент

Добавить комментарий