2024-жылдын 18-19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына расмий сапарынын алкагында Астана шаарында “Казакстан менен Кыргызстандын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө илимдин өнүгүү перспективалары” аталышындагы илимпоздордун форуму болуп өттү. Форумда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Казакстан Республикасынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, ошондой эле эки мамлекеттин илимий изилдөө институттары жана жогорку окуу жайларынын илимпоздору катышты.

Форумдагы докладында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-казак кызматташтыгынын багыттарын, жетишкен ийгиликтери жана перспективалык багыттары жөнүндө баяндады.

Форумга Казакстан Республикасынын илим жана жогорку билим берүүнүн вице-министрлери Динара Щеглова жана Ахмед-Заки Дархан Жумаканович, Казакстан Республикасынын билим берүү жана жогорку билим берүү министрлигинин илим комитетинин төрагасы Галимжан Жанкуатов катышышты. Алар Казакстан менен Кыргызстандын илимпоздорунун форуму эки өлкөнүн илимий коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну бекемдөөгө багытталган демилге экенин белгилешип, Казакстан Республикасында билим берүү жана илимдин 2023-2029 жылдардагы өнүгүү концепциясынын аткарылышы жана келечектеги багыттары менен тааныштырышты.

Форумдун максаты: аймактагы илимди, техниканы жана билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле учурдагы илимий маселелерди жана демилгелерди активдүү талкуулоо үчүн аянтча түзүү; Казакстан менен Кыргызстандын окумуштуулары менен илимий мекемелеринин ортосунда билим жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүү; Биргелешкен илимий долбоорлор аркылуу эки өлкөнүн окумуштууларынын кызматташуусун жандандыруу; Жаш илимпоздорду колдоо жана алардын илимий иш-чараларга жана изилдөө программаларына катышуусуна дем берүү; Эки өлкөнүн билим берүү мекемелери менен илимий институттарынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү.

Аталган форумда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунун директору, э.и.к., профессор Меримкуль Керимкулова “Кыргыз Республикасынын экспорттук көзөмөлдөө системасынынын өзгөчөлүктөрү” темасында, экономиканын жогорку мектебинин “Банктык иш жана салык салуу” кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Бактыгул Есеналиева “Кыргыз Республикасында илимий кадрларды даярдоо системасы: көйгөйлөрү жана перспективасы” темасында, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директорунун орун басары, э.и.к., доцент Айсулуу Парманасова “Жашыл товардык белгилердин гринвошинги: Казахстан жана Кыргызстандын жалпы маселелери. Актуалуулугу жана  көйгөйлөрү” темасында, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директорунун орун басары, т.и.к., доцент Гулзат Чодолдоева “Кыргызстан менен  Казакстандын  билим берүү жаатындагы кызматташтыгы (академиялык мобилдүүлүктүн алкагында)” темасында доклад жасашты.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз жана Казак мамлекеттеринин илимий жана жогорку билим берүү мекемелеринин  ортосундагы тышкы жана ички социалдык-экономикалык саясат, илимий-техникалык, тарыхый, экологиялык, айыл-чарбалык, саламаттыкты сактоо ж.б. чөйрөлөрдөгү болуп жаткан өнөктөштүктүн учурдагы абалы талкууланып, ошондой эле келечектеги багыттары аныкталды.

 Форумдун прграммасын маданий иш-чаралар толуктап, кыргыз-казак элдеринин президенттеринин катышуусу менен өткөн эки элдин өнөрпоздорунун гала-концерти жыйынтыктады.

19-апрелде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин делегаттары иш сапарын Л.Н.Гумилёв атындагы Евразиялык улуттук университетинде улантышты. Меримкуль Керимкулова, Бактыгул Есеналиева, Айсулуу Парманасова Л.Н.Гумилёв ат. ЕУУнун илимий, коммерциялаштыруу жана интернационалдаштыруу боюнча проректору, профессор Курмангалева Жанна Дулатовна, экономика факультетинин деканы, э.и.к., профессор Жагыпарова Аида Орынтаевна, экономика жана ишкердик кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Майдырова Айгуль Булатовна, менеджмент кафедрасынын башчысы, phd, доцент Мухияева Динара Мухтаржановна, финансы кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Булакбай Жанат Муканбетжанкызы, факультеттин эл аралык кызматташтык боюнча  координатору Сейсинбинова Альмира Аскарбековна ж.б. менен жолугушууларды өткөрүшүп, келечекте илим жана билим берүүдөгү кызматташтыктын жаңы форматтарын, студенттер арасында да, профессордук-окутуучулар курамынын арасында да академиялык мобилдүүлүк маселелери, биргелешкен PhD программалары, диссертациялык талкууларга катышуу, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу жана стажировка маселелерин талкуулашты.

Л.Н.Гумилёв ат. ЕУУде окуп жаткан Ж.Баласагын ат. КУУнун студенттери менен жолугушуудан кийин экономика факультетинин студенттери жана магистранттары үчүн конок лекцияларды өткөрүштү.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун А.А.Асанова ат. менеджмент жана бизнес институтунун директору, э.и.к., профессор Меримкуль Керимкулова Л.Гумилев атындагы ЕУУнун “Менеджмент”, “Инновациялык менеджмент” багыттарынын студенттерине жана магистранттарына “Кыргыз Республикасында экспорттук контролдоо системасынын өнүгүшү” темасында, ошондой эле “Экономика” программасынын магистранттарына “Кыргыз Республикасында экспорттук контролдоо системасынын өнүгүү негиздери” темасында лекцияларды окуду.    

Э.и.д., профессор Есеналиева Б.Б. аталган университеттин экономика факультетинин “Финансы” багытында билим алган  магистранттары үчүн  “Чет өлкөлөрдүн салык салуу системасы” деген темада конок лекциясын окуду. Лекциянын алкагында магистранттар менен кызыктуу баарлашуу болуп, азыркы учурдагы финансы айдыңындагы   глобалдык чакырыктар боюнча пикир алмашты.

Э.и.к., доцент А.Ж.Парманасова “Жашыл экономика маселелери: Кыргызстан реалдуулугу жана дүйнөлүк тенденциялар” темасындагы конок лекциясын экономика багытынын магистранттарына окуду.

Ал эми Ж.Баласагын ат. КУУнун тарых жана чөлкөм таануу институтунун окуу иштери боюнча орун басары, т.и.к., доцент Гулзат Чодолдоева Л.Н. Гумилёв ат. Евразиялык улуттук университетинин тарых факультетинин деканы Ө.Ж.Бекмагаметов жана эл аралык кызматташтык боюнча координатору Т.В.Брынза менен жолугуп, студенттер жана магистранттардын эки университеттин ортосундагы академиялык мобилдүүлүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң студенттер менен жолукту. Ошондой эле тарыхтын актуалдуу маселелери боюнча магистранттарга онлайн жана оффлайн конок лекцияларды өтүүнү талкуулашты.

ЕУУнун жетекчилиги окулган лекциялар жана кызматташтыкты өнүктүрүүдө кошкон салымдары үчүн Ж.Баласагын ат. КУУнун профессор-доценттерине ыраазычылык билдиришип, сертификаттарды тапшырышты.

Кыргызстандан келген илимпоздордун делегациясы Назарбаев университетинин профессору Дуйшон Шаматовдун уюштуруусу менен Назарбаев университетине барып, заманбап билим берүү системасы менен жакындан таанышышты.

Добавить комментарий