2024-жылдын 13-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун окуу борборунун адиси “Пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу” темасында маалыматтык-түшүндүрүү лекциясын өттү. Кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган жыйынга эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, кыргыз-европа факультеттеринин, о.э журналистика жана коммуникация, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект, кыргыз-кытай институттарынын студенттери менен кызматкерлери катышты.      Лекциянын жүрүшүндө Соцфонддун адисине кызыктуу суроолор узатылып, терең жана аргументтүү жооптор берилди.

(С) Жекшенбек кызы Бермет – кесиптик бирлик комитетинин жетектөөчү адиси

Добавить комментарий