2024-жылдын 18-апрель күнү математика жана информатика факультетинин академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын мүчөлөрү ишембилик өткөрүп, 6-окуу имаратынын күн чыгыш тарабындагы аянтчаны тазалап, эки орундукту, таштанды таштоочу челектерди, жол жээгиндеги бордюрларды сырдап, бак-дарактарды акиташ менен акташты.

Кафедра башчысы Бекболот Канетов Бишкек шаар мэриясы 11-марттан тартып шаарды жашылдандыруу, санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана көрктөндүрүүгө арналган иш-чаралардын 2 айлыгы жарыялангандыгына байланыштуу КУУнун айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу максатында “Жашыл мурас” кампаниясын өткөрүү боюнча алгылыктуу иштер жасалып, бүгүнкү ишембиликке окутуучулар менен бирге кафедрага практика өтүү үчүн бөлүнгөн студенттер да катышканын айтып, эки чоң чака водоэмульсиялык сыр, тактайлар үчүн жашыл,сары жана кара сыр каферданын мүчөлөрүнүн эсебинен сатылып алынгандыгын баса белгилеп кетти.

Ал о.э. “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында аткарыла турган иштер мындан ары да байма-бай өткөрүлө тургандыгы жөнүндө сөз кылды.

Белгилеп кетчү нерсе, 2021-жылдын 30-апрель күнү аталган кафедранын мүчөлөрүнүн өз эсебинен сатылып алынган 15 ак кайың, 5 арча КУУнун Ботаникалык бакчасына олтургузулуп, азыркы учурда жаратылыштын кооздугуна көрк берип турат.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий