Кыргыз-кытай факультетинин бүтүрүүүсү Чынгызбек уулу Азиретаалы маалыматтык технологиялар борборунун тармактык-маалыматтык технологиялар секторуна LED-экрандарды башкаруучу OVP-M1X видеопроцессорун тапшырды.

Ал өзүнүн белеги тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты: “Мен Улуттук университетке окууга тапшырганда эле окуу жайга жаӊы нерселерди киргизгим келген болчу. Кыргыз-кытай факультетинде 5 жыл окуп, билим алдым. Андан кийин Улуттук университет тарабынан Кытай Эл Республикасына окууга жөнөтүлүп, билим алып, каалаган максатыма жетип атам. Азыр IT сферасындагы 2 компаниянын директорумун. Бул видеопроцессорду өзүм окуган Улуттук университетке ыраазычылык катары белек кылгым келди”. Азиретаалы о.э. аталган жабдуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да кенен маалымат берди.

Добавить комментарий