2024-жылдын 23-апрель күнү окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Чемпионатынын алкагында өткөрүлгөн ордо боюнча мелдеште 1-орунду ээлеген Улуттук университеттин курама командасынын мүчөлөрүн жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды.

Жолугушууну машыктыруучу Бакытбек Кобошов ачып, команданын курамына кирген студенттерди тааныштырды жана алардын ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Окуу иштери боюнча проректор команданын мүчөлөрүнө жалпы эле КУУнун жамаатынын, ректоратынын атынан ыраазычылык билдирип, – Биз силердин чемпион болгонуңарды угуп, абдан кубандык. Спорт боюнча мындан да бийик тепкичтерге чыга бергиле. Биз силерге дайым “болеть” этебиз, – деди.

Курама команданын капитаны Доктурбеков Талант чемпион болуш үчүн студенттер болгон аракеттерин жумшаганын айтып, “эң эле жакшы форма биздики болду” деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө проректор о.э. машыктыруучу менен студенттердин айрым суроолоруна жооп берди.

Ордо боюнча КУУнун курама командасынын мүчөлөрү:

Добавить комментарий