2024-жылдын 19-апрелинде башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда “Ю.А.Гагарин – биздин замандын баатыры” аттуу Эл аралык илимий-агартуучулук фестивалдын алкагында Кыргызстандын атуулу, Россиянын баатыры, космонавт С.В.Корсаков менен жолугушуу болуп өттү.

Аталган иш-чара журналистика жана коммуникация институту тарабынан уюштурулуп, ага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов катышты. Фестивалдын алкагында “Уникальный мир” алдыңкы технологияларды өнүктүрүү жана инклюзивдүү коомдо киберспортту өнүктүрүү боюнча Автономиялуу коммерциялык эмес уюм менен Ж.Баласагын атындагы КУУнун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Журналистика жана коммуникация институту тарабынан уюштурулган жолугушуунун жүрүшүндө ректор Т.Абдырахманов келген конокко ыраазычылыгын билдирип, тирүү космонавт менен жүздөшүп, кол алышуу чоң бакыт экенин айтып өттү. Андан тышкары студенттерге кыялдануу керек экенин айтып, кыялдар сөзсүз орундаларына ишендирди.

Ал эми журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк алакандай болгон Жер планетабызда баардыгыбыз уруш-талашсыз, согушсуз, геосаясий кызыкчылыктарсыз, достукта, ынтымакта, биримдикте өмүр сүрсөк деген аруу пикирин айтып өттү.

Иш-чаранын алкагында Роскосмостун отрядынын сыноочу космонавттары Россия, Армения, Монголия жана Тажикстандан онлайн форматта катышышты.

Илимий-агартуучулук фестиваль адамдын космоско биринчи учушуна арналган эсте каларлык дата 12-апрель — Авиациянын жана космонавтиканын күнүнө арналган. Бул өзгөчө күн — илимдин жана космос тармагында эмгектенгендердин салтанаттуу күнү.

Жолугушууда космонавт С.Корсаковго студенттер, профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрү тарабынан бир катар суроолор берилди. Иш-чара кол тамга таратуу, сүрөткө түшүү менен жылуу маанайда аяктады.

(С) П.Джаныбекова – адис

Добавить комментарий