Жакында Жогорку Кеңештин имаратында кыргыз кыздарынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, коомдук ишмер, Улуттук университеттин кадырлуу педагогу, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Союздук маанидеги ардагер Зууракан Иманкалыкованын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган “Өтөлгөлүү өмүр” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жамийла Исаева алып барган илимий иш чарага коомдук ишмерлер, депутаттар, Улуттук университеттин тарыхчы-окумуштуулары, илимпоз-педагогдор, жаштар катышты.

Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, филология илимдеринин доктору, профессор  Садык Алахан “Зууракан Иманкалыкова – кыргыз аялдарынын саясий жана педагогикалык иштеги кайратманы” деп аталган презентация-баяндамасын жасады. Тарых илимдеринин доктору, профессор А.А.Арзыматова юбиляр тууралуу эскерүүсү менен ой бөлүштү. Студенттер үчүн Жогорку Кештин имаратында экскурсия уюштурулду.

Добавить комментарий