2024-жылдын январь, февраль, март айларында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары “Кыргыз жараны” концепциясын жүзөгө ашыруу максатында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 10 жылдыгына, И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институнун 15 жылдыгына карата республикалык “Мыкты класс жетекчи-2024” онлайн кароо-сынагы жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

Өлкө боюнча 500дөн ашык мугалим кайрылып, 243 мугалим сынакка катталган. Сынактын жүрүшүндө алар финалдык баскычка чейин 2 багыт, 6 шарт боюнча таймашып, 209 класс жетекчи финалдык баскычта беттешти. Ушул жылдын 29-мартында Бишкек шаарында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында чоң салтанат менен жыйынтыкталды.

Үч ай бою таймашкан сынактын жыйынтыгында төмөнкү класс жетекчилер жеңүүчү болушту.

Баш байге

Шакулова Гулмейиз Тобокеловна – Нарын облусу, Кочкор району, К.Кыдыралиев мектебинин мугалими. Сыйлыгы – “Мугалим” төш белгиси, Ысык-Көлгө 6 күндүк эс алууга жолдомо жана статуэтка.

Эжейлер боюнча:

1-орун: Касмалиева Паризат Канатбековна – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ы.Сооронбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин мугалими. Сыйлыгы – статуэтка, “Мугалим” төш белгиси.

2-орун: Сеитова Гулнара Ырысбаевна – Баткен облусу, Лейлек району, М.Баетов атындагы орто мектептин мугалими – . Сыйлыгы – статуэтка, “Мугалим” төш белгиси.

3-орун: Садыралиева Жазгул Жеенкуловна – Талас облусу, Талас району, А.Огонбаев атындагы орто мектептин мугалими жана Абдиллаева Зарипа Салибаевна, Турдуева Айзада Аскаровна – Баткен облусу, Лейлек району, М.Баетов атындагы орто мектептин мугалимдери. Сыйлыгы – статуэтка, “Мугалим” төш белгиси.

Агайлар боюнча:

1-орун: Атаканов Узен Боронбаевич – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Н.Мамбетов атындагы №6 билим берүү орто мектебинин мугалими. Сыйлыгы – статуэтка, “Мугалим” төш белгиси.

2-орун: Имашов Бексултан Кубанычбекович – Нарын облусу, Ат-Башы району, Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык мектептин мугалими. Сыйлыгы – статуэтка, “Мугалим” төш белгиси.

3-орун: Көчөрбаев Адилбек Бексултанович – Нарын облусу, Ак-Талаа району, С.Атамбеков атындагы орто мектептин мугалими жана Токтожумаев Бахтияр Токтожумаевич – Бишкек шаары, №2 орто мектептин мугалими. Сыйлыгы – статуэтка, “Мугалим” төш белгиси.

4-орун: Эшкозуева Нургул Кахаржановна – Бишкек шаары, №97 орто мектептин мугалими жана Эркулиева Шайыркүл Качкыновна – Бишкек шаарындагы №78 мектеп-гимназиянын мугалими;

5-орун: Сулайманова Касиет Аалыбаевна – Нарын облусу, Ак-Талаа району, С.Атамбаев атындагы орто мектептин мугалими.

Сабактар боюнча:

  • “Мыкты сабак” наамы: Бишкек шаары, №97 орто мектебинин мугалими – Эшкозуева Нургул Кахаржановна жана Өмүрбек кызы Айзада, Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары, Токтогул атындагы №1 гимназия мектеби – Матисманова Эльмира Муктарбековна.
  • “Мыкты санарип сабак” наамы: Бишкек шаары, №97 жалпы билим берүү мектебинин мугалими – Таирбеков Шергазы.
  • “Мыкты илимий-санарип сабак” наамы: Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Нурдөөлөт ата атындагы орто мектебинин мугалими – Казиева Алина Кадыркуловна.
  • “Илимий сабак” наамы: Нарын облусу, Ак-Талаа району, С.Атамбаев атындагы орто мектебинин мугалими – Сулайманова Касиет Аалыбаевна, Чүй облусу, Аламүдүн району, “Аманат” билим берүү мекемесинин мугалими – Шералы кызы Кален, Нарын облусу, Жумгал району, М.Өмүрканова атындагы орто мектебинин мугалими – Табылдиева Айжамал Аскербековна.
  • “Санарип сабак” наамы:  Баткен облусу, Лейлек району, Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин мугалими – Алибаева Айжан Акбаровна, Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары, №2 Ч.Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүү инновациялык мектебинин мугалими – Касымбекова Асмира Байсариевна.

Кызыктыруучу сыйлыктар: Эркулиева Шайыркүл  Качкыновна, Деркенбаева Айткуль Чыныбековна, Жанибекова Нуржамал Базарбаевна,  Толубаева Каныгүл Тойчуевна, Батирова Бегимай Жоошбаевна, Эсенаманова Нурзада Суйунтовна, Курсанали кызы Анаргү. Сыйлыгы журналдын күндөлүктөрү.

Мындан сырткары кароо-сынакта активдүүлүгүн көрсөткөн класс жетекчилерге кошумча сыйлыктар ыйгарылды. 1 мугалим Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Билим, илим профсоюзунун  отличниги” төш белгиси, 2 мугалим Ардак грамотасы, 14 мугалим Кыргызстан педагогдор коомунун, 14 мугалим Кыргызстан аялдар Конгрессинин Ардак грамоталары жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ыраазычылык каты, бүтүрүүчүлөрүнө Ардак грамоталар тапшырылды. Ар бир катышуучуга “Мыкты класс жетекчи-2024” футболкасы, кызыл тасмасы, катышкандыгы үчүн тастыктама, Ардак грамота, жеңүүчүлөргө диплом берилди.

Ошондой эле кароо-сынакты уюштуруудагы, жогорку уюшкандыкта өткөрүүдөгү жана мугалимдердин иш-тажрыйбасын жайылтуудагы үзүрлүү эмгеги үчүн “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын менеджери Добутова Сапаргүл Кубанычбековна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы, менеджер-координатору Абдиназаров Жеңишбек Маткаримович Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Билим, илим профсоюзунун  отличниги” төш белгиси менен сыйланды.

Ал эми баш байге ээси Гулмейиз Шакуловага ноутбук, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналына бир даана жаңы үлгүдөгү компьютер Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов тарабынан сыйлуу белек катары тапшырылды.

(С) Жеңишбек Абдиназаров, Сапаргүл Добутова – “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы

Добавить комментарий