2024-жылдын 19-апрелинде Россиянын Билим сапатына мониторинг жүргүзүү илим-изилдөө институту тарабынан математика боюнча Эл аралык студенттик интернет-олимпиаданын 1-туру онлайн режимде тестирлөө түрүндө өткөрүлүп, ага математика жана информатика, физика жана электроника факультеттеринин, о.э. социалдык-гуманитардык илимдер институтунун 1-3-курс студенттери катышты.

Иш чараны окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев ачып, олимпиаданын максаты жана эрежелери тууралуу айтып, төмөндөгүлөргө токтолду:

– Математика боюнча олимпиада 1954-жылы Ленинградда өткөрүлүп, андан бери бул салт болуп калган. Кыргызстанда олимпиада 1961-жылы уюштурулган. Андан бери жылына физика, химия, математика ж.б. окуу предметтери боюнча окуучулар менен студенттердин олимпиадалары үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Ошондуктан, бүгүн сиздер Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, олимпиадага катышып жатасыздар. Сиздер математика боюнча билимиңиздерди, билгичтигиңиздерди жана көндүмдөрүңүздөрдү көрсөтүп гана тим болбостон, аталган окуу дисциплинасынан компетенттүүлүгүңүздөрдү айкындоого зор мейкиндик ачылды. Сиздер ийгиликти камсыз кылат деген терең ишенимдебиз.

Албетте, мында сиздердин математика сабагына даярдыгыңыздар өлчөнөт. Олимпиадага чейинки билим деңгээлиңер ченелет. Окутуучулар мындан аркы сабактарды кандай чен өлчөмдөргө, усулдарга жана формаларга таянып өтүү аныкталат. Ошондой эле окуу программалары өркүндөтүлөт. Студенттер үчүн да, окутуучулар үчүн да ийгиликтер аныкталып, кайра байланышуу камсыздалат. Академиялык стандарттын деңгээлиндеги билим берүүнүн сапатын көтөрүүнүн негиздери түзүлөт. Демек, урматтуу студенттер, буга чейинки билимиңерди натыйжалуу пайдалануу менен ийгиликке жетишүүңүздөрдү каалайм.

(С) Сопонова А.- академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий