2024-жылдын 18-апрелинде Улуттук университетте Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына арналган мамлекеттик тил боюнча факультеттер аралык студенттик олимпиада болуп өттү.

Олимпиаданын жобосуна ылайык, таймаштын жыйынтыктоочу бөлүгүнө ар бир факультеттен алдын ала тандоодон өткөн, 1-2-курста окуган 3 студент катышты. Алар “Кыргыз тилинен тест тапшыруу”, “Көркөм окуу” жана “Мультфильмдерди кыргыз тилине которуу” номинациялары боюнча ат салышты.

Олимпиаданын калыстар тобу төмөнкүдөй курамдан түзүлдү:

  • Жакыбалиев Кутмырза – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы (калыстар тобунун төрагасы)
  • Бильбаева Гүлзада – ф.и.к, доцент
  • Шаршенбаев Акылбек – ф.и.к, доцент
  • Мырзагулова Динара – КУУнун мамлекеттик тил секторунун башчысы. 

Жыйынтыгында жеңүүчүлѳр төмөнкүдѳй аныкталды.

“Мультфильмдерди кыргыз тилине которуу” номинациясы боюнча

  • 1-орун: Журналистика жана коммуникация институтунун командасы (1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды);
  • 2-орун: Кыргыз-Европа факультетинин командасы (2-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды);
  • 3-орун: Тарых жана чөлкөм таануу институтунун командасы (3-даражадагы диплом жана  акчалай сыйлык менен сыйланды).

“Тил билги жана кѳркѳм окуу” номинациясы боюнча

  • 1-орун: Биология факультетинин студенти Эрмекова Айпери (1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды);
  • 2-орун: Чет тилдер факультетинин студенти Канатова Жаркынай (2-даражадагы диплом жана  акчалай сыйлык менен сыйланды);
  • 3-орун: Математика  жана информатика факультетинин студенти Эстебес кызы Мадина (3-даражадагы диплом жана  акчалай сыйлык менен сыйланды).

Калыстар тобунун чечими менен 5 кызыктыруучу сыйлык ыйгарылды.

Котормо боюнча: Кыргыз-кытай институтунун алдындагы колледждин жана география факультетинин студенттери.

Тест боюнча: Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин жана юридика институтунун стеденттери.

 Кѳркѳм окуу боюнча: Тарых  жана чөлкөм таануу институтунун студенти Алмаз кызы Калиман.

Олимпиаданы КУУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор С.А.Тиллебаев жыйынтыктап, мамлекеттик тил боюнча олимпиаданын максатын, милдетин айтып берип, студенттердин окуусуна ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий