2024-жылдын 15-апрель күнү Төлөбек Абдырахманов ректораттын жыйындар залында Inter Work Exchange компаниясынын башкы директору Нурдин Шейшенов менен аткаруучу директору Гүлмира Сагынованы кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө буга чейинки аткарылган иштердин жыйынтыгы жана мындан аркы кызматташтык тууралуу сөз болду.

Төлөбек Абдырахманов КУУнун студенттерине жакшы шарт түзүп, алардын жайкы каникулу менен практикасын жаӊы билим, жаӊы тайрыжба менен өткөрүүгө көмөктөшүп жаткандыгы үчүн Inter Work Exchange компаниясынын жетекчилерине ыраазчылык билдирип, ректораттын ыраазычылык катын тапшырды.

Гүлмира Сагынова Улуттук университет менен иштешип жаткандыгына кубанычта экенин, студенттердин жайкы каникулда иштеп каражат табуу менен бирге коомдо, жаӊы чөйрөдө өзүн алып жүрүүнү, адаптацияланууну үйрөнүүсү, башка элдердин маданияты жана салт-санаасы менен таанышуусу, дүйнөтаанымынын кеӊеейиши алардын инсан катары калыптануусуна чоӊ салым болорун билдирди. Ал о.э. студенттер тапкан каражат өлкөбүзгө инвестиция болуп, алар салган акча үй-бүлөсүнүн, өздөрүнүн социалдык абалын жакшыртууга өбөлгө болоорун кошумчалады.

Жолугушуунун соӊунда аталган компаниянын өкүлдөрү карьера жана практика борборунун жетекчиси Замир Бакалбаевге эки ноутбук, бир принтер жана фотоаппарат тапшырды.

Эскерте кетсек, Inter Work Exchange компаниясы 13 жылдан бери жогорку окуу жайлар менен кызматташып, студенттерди чет өлкөдө жумуш орду менен камсыздоо багытында алектенип келет.

Добавить комментарий