2024-жылдын 18-апрель күнү КУУнун медицина факультетинде ишке ашырылып жаткан 560001 «Дарылоо иши» билим берүү программасын эл аралык аккредитациялоо боюнча Мекемелердин билим берүү программаларын аккредитациялоо агенттигинин (МББПА) эксперттик комиссиясы өз ишин улантты.

Бул күнү алар документтер менен иштеп, медицина факультетинде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин ата-энелери менен (онлайн режимде) жана Улуттук университеттин администрация мүчөлөрү менен (офлайн режимде) маектешти.

Андан кийин комиссия мүчөлөрү 560001 «Дарылоо иши» билим берүү программасын аккредитациялоо боюнча МББПАнын жыйынтыктоочу отчетун даярдоого киришти.

Добавить комментарий