Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасынын биринчи орун басары, Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетинин доценти, даярдоо бөлүмүнүн деканы Зууракан Иманкалыкованын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде түзүлгөн жумушчу топтун отурумуна катышты.

Жыйындагы сөзүндө С.Алахан юбилярдын Улуттук университеттеги өмүр жолуна тиешелүү документтер жана 100 жылдыкты өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар менен тааныштырды.

Добавить комментарий