География, экология жана туризм факультетинин окутуучусу Асанбек Кенжебек уулунун, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алайбек Шамшиевдин берген маалыматы боюнча Ала-Арча капчыгайындагы Ураган-Жардын эң бийик жери “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети” чокусу деп аталып, бийиктиги 4070 метрге барабар.

Туризм жана рекреациялык география кафедрасынын окутуучулары: доцент К.Жумашев, ага окутуучу А.В.Асенгемир, окутуучу Кенжебек уулу Асанбек жана лаборотория башчысы Муханбет уулу Сыймык факультеттин студенттери менен биргеликте 2022-жылдын 2-5-июнь күндѳрү аталган чокуга чыгып келишкен.

Ал эми 2012-жылы ушул эле кафедранын окутуучулары Улуттук университеттин аталышы жазылган тактаны аталган чокуга илишкен.

Добавить комментарий