2024-жылдын 19-апрель күнү КУУнун медицина факультетинде ишке ашырылып жаткан 560001 «Дарылоо иши» билим берүү программасын эл аралык аккредитациялоо боюнча Мекемелердин билим берүү программаларын аккредитациялоо агенттиги (МББПА) тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссиясынын жыйынтыктоочу отуруму болуп, аккредитациялоонун алдын ала жыйынтыгы айтылды.

Жыйынды отурумдун модератору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Кубаныч Раматов ачып, сөз кезегин эксперттик комиссиянын төрагасы, медицина илимдеринин доктору, С.Д.Асфендияров атындагы Казак улуттук медицина университетинин онкология кафедрасынын профессору Уалихан Жумашевге берди. Ал 560001 «Дарылоо иши» билим берүү программасына баа берүү боюнча түзүлгөн тышкы эксперттик комиссия өз ишин аяктаганын кабарлап, факультеттеги ийгиликтер, жетишкендиктер менен катар айрым сунуштарын айтты жана комиссия мүчөлөрү тарабынан Улуттук университеттин жогоруда айтылган билим берүү программасы 3 жылдык мөөнөткө аккредитациялоого сунушталганын жарыялады.

Жыйындын соңунда ректор Төлөбек Абдырахманов тышкы эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүнө эки күн бою аткарган иштери үчүн Улуттук университеттин, факультеттин жамаатынын жана ректораттын атынан терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады жана медицина факультети башкаларга караганда кеч ачылганына карабай, келечеги бар факультет экенин белгилеп, айтылган сунуштарды аткаруу үчүн медицина факультетине жардам берилээрин билдирди.

Добавить комментарий