2024-жылдын 24-апрель күнү КР президенти Садыр Жапаров демилгелеген “Жашыл мурас” улуттук долбоорунун алкагында журналистика жана коммуникация институту тарабынан университеттин башкы имаратынын айланасына гибискус бакча дарагынын жаш көчөттөрү отургузулду.

“Иштеген жана окуган жерибиз көзүбүздү сүйүнтүп, гүлгө оронуп, жыпар жытына бөлөп турганына ар бир кызматкер, ар бир студент салым кошушубуз керек”, – деген директор Ширин Костюктун сунушун институттун студенттери колдоого алышып, буга чейин, 16-апрелде да башкы имараттын артындагы аллеяны кыдырата сирень көчөттөрүн отургузушкан.

Журналистика жана коммуникация  институтунун студенттеринин ар бир тайпасы экиден көчөт тигишти, калган көчөттөр демөөрчүлөрдүн жана директордун жеке каражатына сатылып алынды.

Мындай жөрөлгөнү ботаникалык бакчанын башчысы Улугбек Невераев чоң ыраазычылык билдирүү менен кабыл алып, журналистика жана коммуникация институту тарабынан жаңы олтургузулган гибискус жана сирень бакча дарактарынын 30дан ашык жаш көчөттөрүн көзөмөлдөп, жакшы өстүрүүгө убада берди.

Университетти жашылдандыруу, көрктөндүрүү багытындагы ушундай иш-аракеттер башка структуралар тарабынан дагы уланат деп ишенебиз.

(С) П.Джаныбекова – адис, Талгат уулу Ийгилик – 4-курс студенти

Добавить комментарий