2024-жылдын 18-апрелинде КУУнун студенттери Демир банктын өкүлчүлүктөрү менен жолугушту.

КУУ менен Демир банктын ортосунда түзүлгөн кызматташтык меморандумунун негизинде Практика жана карьера борборунун демилгеси  менен экономика жана юриспруденция  багытында билим алып жаткан бүтүрүүчү курстун студенттери үчүн акы төлөнүүчү стажировка ,Демир банкка жумушка орношуунун жол жоболору түшүндүрүлдү. Иш чарада ПжКБнын директору Замир Бакалбаев студенттердин карьералык өсүүсүнө  чоӊ мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын белгилеп банктан келген өкүлчүлүктөрдү тааныштырды. Банктын өкүлчүлүктөрү студенттер үчүн кесипкөй адис болуп чыгуунун жол жоболору туурасында кеӊири түшүнүк берип кетишти. Демир банкка жумушка орношууга кызыкдар  студенттерге стажировка жана жумуш орду сунушталды.

Юридикалык институттун директору Кынатбек Сманалиев банктын өкүлчүлүктөрү Айгерим Азизова жана Айдай Мамбетсултанованы кабыл алып, студенттердин карьералык өсүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип,мындан ары да тыгыз кызматташууну өнүктүрүү ниетин билдирди. 

Аталган иш чарага ПжКБнын адиси Жыпаргул Шерматова жетектөөчү адис Акбермет Саматали кызы жана Кыргыз-Европа факультетинин декандын орун басары Афтандил Жороев, Экономиканын жогорку мектебинин директордун окуу иштери боюнча орун басары Эльмира Курамаева катышты.

(С) ПжКБнын жетектөөчү адиси Акбермет Саматали кызы

Добавить комментарий