Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова 2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Терминология. Ономастика – коом жана мезгил” деген темадагы эл аралык конференцияга катышып, пленардык жыйында “Терминология маселелери тууралуу” деген темада доклад жасады.

Туркиядан, Казакстандан окумуштуулар катышкан жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары Э.Байсаловдун куттуктоо сөзү менен башталып, жер-суу аттары жана терминология боюнча маселелер талкууланды.

(С) Гүлжамал Жаманкулова – кыргыз тил илими кафедрасынын профессору

Добавить комментарий