2024-жылдын 23-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун чоң жыйындар залында Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу институтунун кыздары менен И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү инстиутунун жигиттеринин ортосунда “Кыз-жигит сармерден-2024” оюну болуп өттү.

Иш чараны директорлордун окуу иштери боюнча орун басарлары ачып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Оюн Сармердендин баардык эреже, шарттарына ылайык болуп, кызуу таймаш жүрдү: эки тараптан тең Манас айтылып, айтыш менен коштолуп, кыз-жигиттер ырдап, бийлеп, жаӊылмач жана табышмак айтып, күү чертип, поэзия окулуп, кудалашуу жана кыз узатуу салттары көргөзүлдү.

Оюндун соңунда калыстар тобунун мүчөсү, ТжЧТ институтундагы музей-изилдөө борборунун директору Жанара Токтобаева сөз сүйлөп, мыкты оюн көргөзгөндүгү үчүн кыздар жана балдарга алкоолорун айтып, оюндун уюштуруучуларына тереӊ ыраазычылыктарын билдирди. Жалпы калыстар тобунун мүчөлөрү бул Сармердендин өзгөчөлүгү катары “Эрке бала” жана “Шайыр жеңе” оюнду шаңдуу маанайда алып баргандыгын баса белгилешип, “Достук жеңди” деген жыйынтык менен сөз кезегин уюштуруучуларга узатышты.

Иш чаранын соңунда КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү инстиутунун директорунун орун басары ИДЕЯТ жана ТжЧТ институтунун директорунуну орун басары Гулзат Чодолдоева сөз сүйлөп, Улуттук университеттин атынан КМУнун  студенттерине ыраазычылык кат жана белектерди  тапшырып, о.э. биздин кыздарыбызга дагы инстиутуттун атынан чакан белектер берилип, эки университеттин кызматташтык жана достук мамилелери мындн ары дагы өнүүгүсүнө тилектеш экендигин айтып, катышуучулулар менен көрүүчүлөргө чын ден-соолук жана ийгиликтерди каалап кетишти.

(С) Айдар Шейшенов- Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий