2024-жылдын 18-апрелинде «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде (АЭУ) Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «Ыйык Ата-Журт» коомдук жаштар фонду жана «Ала-Тоо» Эл аралык университети тарабынан уюштурулган «Заманбап коомдо улуттук наркты жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу» аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандагы 14 жогорку окуу жайдын магистр, студенттери катышты.

Пленардык отурумда АЭУнун ректору п.и.к, доцент Жылдызбек Жакшылыков, илимий иштер боюнча проректор, п.и.д., профессор Салидин Калдыбаев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Аталган иш-чарага КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин жетекчиси Жаайлообаев Бакыт Алманбетович катышып, секциялардын биринде комиссиянын төрагасынын милдетин аткарды. Илимий-практикалык конференцияга 100дөн ашуун илимий баяндама, макалалар кабыл алынып, финалдык бөлүккө 80 илимий иш тандалып алынган. Жыйынтыгында кыргыз филологиясы факультетинин 1-курсунун магистранты Абдылдаева Шахзаданын илимий макаласы “эң жакшы” деп табылып, I даражадагы диплом жана акчалай байге менен сыйланды.

(С) Солтоноев Актилек – декандын тарбия иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий