2024-жылдын 16-апрель күнү математика жана информатика факультетинде «Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү» белгиленип, иш чарага дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов жана кафедранын ага окутуучулары Түгөлбай Базакечев, Бакыт Кадыров чакырылды. Факультет деканы Изат Усенов мындай жолугушуулар жаш студент-спортсмендерге дем берип, дүйнөлүк аренада чоң-чоң ийгиликтерди жаратуусуна түрткү болоорун белгиледи.

КРнын спорт чебери Түгөлбай Базакечев факультеттин студенттерине ыраазычылыгын билдирүү менен дайыма ден соолукта болуп, студенттердин мекенчилдик сезими жогору деңгээлде болушуна тилектеш экенин билдирди. Ал о.э.  белгилүү кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекованын кантип чоң спортко келгендиги тууралуу сөз кылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттик кеңештин төрагасы, 3-курстун студенти Жолдубаев Бектур Советтик Кыргызстандын, СССРдин желегин желбиреткен оор атлетика боюнча спорт чебери Шаршен агай жана  эгемендүү Кыргызстандын желегин желбиреткен дүйнө кубогунун 3 жолку ээси, дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, “кармаш-уруш” жана ММА версиясы боюнча спорттун эл аралык чебери Бакыт агай, өлкөбүздүн балбан кыздарын дүйнөлүк аренага чыгуу үчүн чоң салымын кошкон Түгөлбай агайлар менен дайыма сыймыктанарын баса белгиледи.

Жолугушуу студенттердин патриоттук сезимин ойготуп, Мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү максатында өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, Түгөлбай Базакечев КРнын эркин күрөш боюнча спорт чебери ,КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу.

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий