2024-жылдын 12-апрелинде ректор Төлөбек Абдырахманов жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинине караштуу Enactus KNU командасынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Жыйындын башында аталган департаменттин директору Алмазбек Кадыр уулу Enactus KNU командасынын азыркы учурда алып барып жаткан иштери жана долбоорлору менен тааныштырды. Анын айтымында, команда 2 долбоор менен иш алып барып, учурда 1-3-июлда өтүүчү жогорку окуу жайлардын арасындагы Улуттук кубокко даярданып жатат. Команданын миссиясы – “Кыргызстандын гүлдөп өсүшү үчүн жаӊы продукцияларды түзүү аркылуу муктаж адамдардын жашоосун туруктуу кылуу”. Команда иштеткен долбоордун бири – “Жем Ордо”. Бул долбоор экструзия технологиясын колдонуу менен тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү системасы аркылуу экологиялык мал азыгын өндүрүүгө багытталган. Экинчи долбоор – “Бириккен”. Проекттин максаты – курак стилиндеги түрдүү буюмдарды чыгаруу менен тигүү цехтеринен чыккан калдыктардын көлөмүн азайтуу, курак маданиятынын өнүктүрүү жана калктын аялуу катмарындагы аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер буга чейинки жетишкендиктери жана натыйжалары менен бөлүшүп, алдыдагы пландары жана максаттары тууралуу айтып беришти.

Төлөбек Абдырахманов университеттин жетекчилиги Enactus KNU командасына көмөктөшкөнгө даяр экендигин баса белгилеп, команда мүчөлөрүнө 1-3-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Улуттук кубокто ийгилик каалады.

Эске сала кетсек, Улуттук кубокто чемпион болгон команда ушул жылдын октябрь айында Астана шаарында өтүүчү Enactus’тун Дүйнөлүк кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Добавить комментарий